КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-февралындагы №98 токтому

Кесиптик майрамды – Кыргыз Республикасынын Адвокаттар (жактоочулар) күнүн белгилөө жөнүндө 

Кыргыз Республикасында адвокаттын статусун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 1-март жыл сайын белгиленүүчү кесиптик майрам – Кыргыз Республикасынын Адвокаттар (жактоочулар) күнү болуп белгиленсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                       А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу