КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-мартындагы №95-р тескемеси

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы № 17 “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,17-беренелерине ылайык:

1. Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү боюнча жол картасы (мындан ары – Жол картасы) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

– Жол картасын белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча чараларды көрсүн;

– квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине Жол картасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.

3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Жол картасын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берип турсун.

4. Жол картасын сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жеке жоопкерчилиги белгиленсин.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул тескеме расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Тиркеме.docx

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                       А.У. Жапаров