КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы №109 токтому

Уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө

Уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коом – “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун акционери (катышуучусу) катары мамлекеттик мүлктүн менчик ээсинин укугун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддон Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөрүп берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

– “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун уставдык капиталынын өлчөмүн
 2022-жылдын ичинде 117 000 000,0 (бир жүз он жети миллион) сомго чейин жеткирсин;

– ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын  27-майындагы № 274 “Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчө кызмат ордуна талапкерлерди мамлекеттик органдар тарабынан тандоо жана көрсөтүү маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарындагы мамлекеттик өкүлдөр жөнүндө жободо:

– 2-пунктундагы “же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун”, “же Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду” деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша “, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун”, “, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги же Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчөлөрдү тандоо, көрсөтүү тартибинде:

– 2-пунктунда:

“же Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду”, “же Социалдык фонддун”, “жана Социалдык фонд” деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша “, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги же Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду”, “, Финансы министрлигинин же Социалдык фонддун”, “, Финансы министрлиги жана Социалдык фонд” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

“Финансы министрлиги – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;”;

– 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

“Чарбакер коомдун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлерди белгиленген тартипте көрсөтүүгө Финансы министрлигинин түзүмүндө кадрлар резервин түзүү жана даярдоо Финансы министрлиги тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.”;

  • 4-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“4. Акционерлер тарабынан мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлерди көрсөтүү тартиби”;

– 40-пунктунун биринчи абзацы “ыйгарым укуктуу орган” деген сөздөрдөн кийин “же Финансы министрлиги” деген сөздөр менен толукталсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин Төрагасы



А.У. Жапаров   




Тиркемелер

Басып чыгаруу