Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммаларынын минималдуу өлчөмдөрүн, жоопкерчилик лимиттерин жана камсыздандыруу сый төлөмүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө
“Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бекитилсин:
1) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммаларынын өлчөмдөрү жана жоопкерчилик лимити:
– ар бир жабырлануучунун өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирилгендиги жана төмөнкүлөргө алып келгендиги үчүн:
жабырлануучунун өлүмүнө – 300 000 (үч жүз миң) сом өлчөмүндө;
жабырлануучуга майыптуулуктун белгиленишине:
I топтогу – 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө;
II топтогу – 150 000 (жүз элүү миң) сом өлчөмүндө;
III топтогу – 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө;
“майып-бала” категориясы – 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө;
майыптуулук белгиленбестен майып болууга, жаракатка же ден соолугунун башка бузулушуна – амбулатордук жана (же) стационардык дарыланууга иш жүзүндө жумшалган чыгымдардын өлчөмүндө, бирок 100 000 (жүз миң) сомдон ашык эмес;
– жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыян үчүн – келтирилген зыяндын өлчөмүндө, бирок ар бир жабырлануучуга 150 000 (жүз элүү миң) сомдон ашык эмес жана бардык жабырлануучуларга 450 000 (төрт жүз элүү миң) сомдон ашык эмес;
2) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча базалык камсыздандыруу сый төлөмүнүн өлчөмү 1680 (бир миң алты жүз сексен) сом суммасында;
3) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый төлөмүн эсептөө үчүн камсыздандыруу тарифтеринин коэффициенттери тиркемеге ылайык.
2. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый төлөмүнүн өлчөмү ушул токтом менен бекитилген базалык камсыздандыруу сый төлөмү менен камсыздандыруу тарифтеринин коэффициенттеринин көбөйтүндүсү катары камсыздандыруучулар тарабынан эсептелет деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров