Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу тууралуу
“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорудагы аталган токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:
9-пунктунун 2-пунктчасынын үчүнчү жана он үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-январындагы № 25 “Дене тарбия жана спорт объекттеринин республикалык реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 35 “Дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук багыттагы коомдук бирикмелерди аккредитациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик өз чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев