КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №128 токтому

“Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө

Туристтик тармакта мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү жана туристтик инфратүзүмдү реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө ички жана чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле туризм чөйрөсүндө иштеген ишкерлерди колдоо максатында, “Туризм жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 566 “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө” Жарлыгына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коому (мындан ары – “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ААК) уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте:

1) бир акциясынын номиналдык наркы 1 000,0 (бир миң) сом болгон 1 000 000,0 (бир миллион) даана жөнөкөй энчилүү акцияларды чыгаруу жана төлөө жолу аркылуу 1 000 000 000,0 (бир миллиард) сом өлчөмүндө уставдык капиталын аныктоо менен “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ААКтын уюмдаштыруучусу болуп чыксын;

2) “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ААКтын уставын бекитсин;

3) “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ААКты Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн; 

4) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ААКтын уюмдаштыруучу акцияларын чыгаруунун мамлекеттик каттоосун камсыз кылсын;

5) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ААКтын уставдык капиталын түзүү үчүн 1 000 000 000,0 (бир миллиард) сом өлчөмүндө акча каражатын тапсын жана бөлүп берсин;

2) “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул пункттун 1-пунктчасынан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                     А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу