КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №134 токтому

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси жөнүндө 

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун компоненттерин ишке ашыруунун алкагында салык кызматынын маалыматтык системаларынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, ошондой эле салык кызматынын ишинин натыйжалуулугун жана салыктык жөнгө салуунун сапатын жогорулатууда анын кызыкчылыктарына көмөк көрсөтүү, тышкы экономикалык иш үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, салык инфратүзүмүн колдоо жана жаңылоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси жөнүндө (мындан ары – Мекеме, ММ) жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1) “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Топтолгон финансылык резервдер” деген 2829-беренесинде каралган каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесине 257 000 000 (эки жүз элүү жети миллион) сом суммасында каражат бөлүп берсин;

2) “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы:

1) Мекемени юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;

2) Мекеменин ишин ушул токтомдон келип чыгуучу материалдык-техникалык жана башка жактан камсыздоо маселелерин чечсин.

3) ушул токтомдун 3-пунктунун 1-пунктчасына ылайык бөлүнүүчү каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын;

4) өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

5. Төмөнкүлөр киргизилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү: 

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык баяндалсын;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү:

аталган токтомдун 1-тиркемесинин 3-пунктунда:

– “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги” сабында “4721”, “1000” цифралары тиешесине жараша “4802”, “965” цифраларына алмаштырылсын;

– “ведомстволук бөлүмдөрү” сабында “3929”, “807” цифралары тиешесине жараша “4010”, “772” цифраларына алмаштырылсын;

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси бул чөйрөдөгү рыноктук эмгек акынын иш аракеттеги ѳлчѳмүн талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мекеменин кызматкерлеринин штаттык расписаниесин бекитет жана кызматтык маянасынын өлчөмүн аныктайт. 

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндүн ичинде күчүнө кирет.

тиркеме 1.docx

тиркеме 2.docx

Төрага                                                                            А.У.Жапаров