“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын талаптарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ажыратылуучу мүлк жөнүндө коммерциялык эмес уюмдун жыйынды маалыматынын формасы 1-тиркемеге ылайык;
2) Акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ажыратылуучу мүлк жөнүндө коммерциялык эмес уюмдун жыйынды маалыматын берүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
2-тиркеме
Акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ажыратылуучу мүлк жөнүндө коммерциялык эмес уюмдун жыйынды маалыматын берүү тартиби
Ушул Тартип “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана коммерциялык эмес уюмдар тарабынан акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө, ошондой эле өткөн жыл үчүн сатып алынган, колдонулуучу жана ажыратылуучу мүлк жөнүндө жыйынды маалыматты (мындан ары – жыйынды маалымат) маалыматтык система аркылуу электрондук документ түрүндө берүүнү уюштуруунун жалпы принциптерин аныктайт.
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартипти колдонуу максатында төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) электрондук документ – электрондук формада, башкача айтканда электрондук эсептөө машиналарын пайдалануу менен адамдын кабылдоосу үчүн жарактуу түрдө берилген документтештирилген маалымат;
2) электрондук документ жүгүртүү – маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары арасында жыйынды маалыматты берүүнүн регламенттелген процессин камсыздоочу байланыш каналдары боюнча электрондук документтер менен алмашуу;
3) электрондук колтамга – маалыматка кол койгон адамды аныктоо үчүн колдонулуучу, башка маалыматка электрондук формада кошулган жана (же) логикалык байланышкан электрондук формадагы маалымат;
4) адистештирилген оператор - байланыштын адистештирилген (корголгон) каналдары боюнча салык төлөөчү менен салык органынын ортосунда электрондук колтамганы колдонуу менен электрондук документтерди берүү боюнча кызматтарды көрсөткөн ишкана.
2. Электрондук документ түрүндө жыйынды маалыматты берүүдө электрондук документ алмашуунун катышуучулары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) коммерциялык эмес уюм жана адистештирилген оператор – жыйынды маалыматты жиберүүчү;
2) салык кызмат органы – жыйынды маалыматты алуучу.
3. Электрондук документ түрүндө жыйынды маалымат жана “Өткөн жыл үчүн коммерциялык эмес уюмдун кирешелерин чечмелөө” тиркемеси коммерциялык эмес тарабынан отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин жыл сайын берилет.
4. Жыйынды маалымат коммерциялык эмес уюм тарабынан электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык электрондук колтамганы колдонуу менен электрондук документ түрүндө берилет.
5. Жыйынды маалыматтын формасын тариздөө жана ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына уруксат алуу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
6. Коммерциялык эмес уюм тарабынан электрондук документ түрүндө жыйынды маалыматты ыйгарым укуктуу салык органына берүү төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасындагы жеке кабинети;
2) ыйгарым укуктуу салык органына жыйынды маалыматты андан ары берүүнү камсыздоочу адистештирилген оператор;
3) коммерциялык эмес уюмдун программалык камсыздоосу.
7. Коммерциялык эмес уюмдун программалык камсыздоосу аркылуу электрондук документ түрүндө жыйынды маалыматты түзүү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу форматка ылайык жүзөгө ашырылат. Ыйгарым укуктуу салык органы аныкталган форматты өзүнүн расмий сайтына жайгаштырууну камсыздайт.
8. Ыйгарым укуктуу салык органы менен адистештирилген оператордун жыйынды маалыматты берүү боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн регламентин ыйгарым укуктуу салык органы аныктайт.
9. Электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучулары электрондук документ түрүндө жыйынды маалыматты сактоону Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жана тартипте камсыздашат.
2. Электрондук документ
түрүндө жыйынды маалыматты берүүдө электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсү
10. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан электрондук документ түрүндө жыйынды маалыматты кабыл алуу ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында камсыздалат.
11. Электрондук документ түрүндө жыйынды маалымат келип түшкөн учурдан тартып ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы:
1) “Иштеп чыгуу стадиясында” деген электрондук билдирүү даярдайт;
2) жыйынды маалыматтын форматтык-логикалык контролун жүзөгө ашырат;
3) эгерде электрондук документ түрүндө жыйынды маалымат форматтык-логикалык контролдун талаптарына шайкеш келбесе, четке кагуу себептерин көрсөтүү менен “Четке кагылды” деген электрондук билдирүүнү түзөт;
4) электрондук документ түрүндө жыйынды маалымат форматтык-логикалык контролдун талаптарына шайкеш келсе, электрондук документти кабыл алуу күнүн жана убактысын көрсөтүү менен “Кабыл алынды” деген электрондук билдирүүнү түзөт.
12. Коммерциялык эмес уюм тарабынан электрондук документ түрүндө берилген жыйынды маалымат “Кабыл алынды” деген статус түзүлгөндөн кийин программалык-аппараттык каражаттар менен автоматтык түрдө белгиленет жана ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына жайгаштырылат.
13. Электрондук документ түрүндө жыйынды маалымат адистештирилген оператор аркылуу берилгенде жыйынды маалыматты жиберүү күнү жана убактысы адистештирилген оператордун маалыматтык системасында автоматтык түрдө белгиленет, ал эми кабыл алуу күнү жана убактысы ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында белгиленет.
14. Электрондук документ түрүндө жыйынды маалыматты берген коммерциялык эмес уюм электрондук документ түрүндө жыйынды маалыматты өз убагында берүү, маалыматтын аныктыгы жана толуктугу үчүн жоопкерчилик тартат.