КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы №157 токтому

Кыргыз тараптын жана канадалык “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 9-мартындагы № 119-VII КПҮ “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 102 токтому менен жактырылган кыргыз тараптын жана канадалык “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуунун шарттарын жана форматын жактыруу жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-мартындагы № 79 “Кыргыз тараптын жана канадалык “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасы менен канадалык “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды глобалдуу жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаровго Кыргыз Республикасы менен канадалык “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды глобалдуу жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасы менен канадалык “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды глобалдуу жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                        А.У. Жапаров

Кумтор.pdf