Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-июлундагы № 71 “Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу тарифтик жеңилдикти колдонуу менен ак кантты жана иштетилбеген камыш кантын ташып келүүнүн көлөмүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 140 “Бажы бирлигинин комиссиясынын ак кантка жана иштетилбеген камыш кантына карата айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечимин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-июлундагы № 71 “Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу тарифтик жеңилдикти колдонуу менен ак кантты жана иштетилбеген камыш кантын ташып келүүнүн көлөмүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– преамбуласындагы “Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 33 чечимине,” деген сөздөр алып салынсын;
– 1-пунктундагы “40 миң тонна көлөмүндө” деген сөздөр алып салынсын;
– 2-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:”;
1-пунктчасындагы “жайгаштырсын” деген сөз “жайгаштырып турсун” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына төмөнкүлөрдү жиберип турсун:”;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу тарифтик жеңилдикти колдонуу менен 40 миң тонна көлөмүндө ташып келинүүчү ак кантты жана иштетилбеген камыш кантын бөлүштүрүүнүн эрежелеринде:
– аталышындагы “40 миң тонна көлөмүндө” деген сөздөр алып салынсын;
– 2-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“ташып келүүнүн көлөмү – Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечимине ылайык Кыргыз Республикасына ташылып келиши мүмкүн болгон ак канттын, иштетилбеген камыш кантынын белгиленген көлөмү;»;
– 4-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) ташып келүү ыйгарым укуктуу орган түзгөн Тизмеге киргизилген өндүрүүчү ишкана тарабынан ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып Евразия экономикалык комиссиясынын чечими менен белгиленген убактылуу тарифтик жеңилдикти колдонуу мөөнөтүаяктаганга чейин жүзөгө ашырылса;»;
– 6-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Ташып келүүнүн көлөмүн бөлүп берүү жөнүндө өтүнмөлөр ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына ушул Эрежелердин
1-тиркемесине ылайык форма боюнча өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн баштап Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечими менен белгиленген убактылуу тарифтик жеңилдикти колдонуу мөөнөтү аяктаганга 15 күн калганга чейин кабыл алынат жана түзүлөт.”;
жогоруда аталган Эрежелердин 1–3-тиркемелеринин үстүңкү оң жак бурчундагы “40 миң тонна көлөмүндө” деген сөздөр алып салынсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров