КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-августундагы № 370 токтому

"2017-жылдын 4-апрелинде Эр-Рияд шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабия Падышалыгынын Өкмөтүнүн ортосундагы айыл чарба, мал чарбачылыгы жана балыкчылык тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашууну бекитүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10- жана17-беренелери менен жетектелип мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Токтом кылат:

1. 2017-жылдын 4-апрелинде Эр-Рияд шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабия Падышалыгынын Өкмөтүнүн ортосундагы айыл чарба, мал чарбачылыгы жана балыкчылык тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашууну бекитүү жөнүндө” тиркелген Макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Меморандумдун күчүнө кирүү үчүн зарыл болгон мамлекеттин ички жол-жоболордун  аткарылышы жөнүндө сауд тарабына билдирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри                                                                    М.Д. Абылгазиев