КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №178 токтому

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 126, 326-329-беренелеринин, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 126, 326-329-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) 2021-жылдын 31-декабрындагы абалга карата түзүлгөн кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун толтуруу, кайтаруу жана эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералык текшерүүнү жүргүзүү тартиби, кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтаруу тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. 2021-жылдын 31-декабрындагы абалга карата кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу жана кайтаруу жөнүндө салык органынын чечимдери кабыл алынган, бирок республикалык бюджетте каражаттардын жоктугуна байланыштуу финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткарылбаган кошумча нарк салыгынан ашкан сумма 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен орду толтурулууга жана (же) кайтарылууга тийиш деп белгиленсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-январындагы № 40 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 426 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 582 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 137 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 88 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-сентябрындагы № 186 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                        А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу