Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 «Жаныбарларды идентификациялоонун эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаныбарларды идентификациялоонун эрежесин бекитүү жөнүндө» 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 - токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жаныбарларды идентификациялоо эрежесинде:
- 1- пунктунда:
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«№ 1а формасындагы Ветеринардык күбөлүк – жаныбардын ден соолугу жөнүндө маалыматтарды камтыган, Кыргыз Республикасынын аймагында анын кыймылына байкоо жүргүзүүнү камсыз кылган, ошондой эле аймактын жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ылаңдарынан амандыгы боюнча жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү белгиленген үлгүдөгү документ;»;
сегизинчи абзацтагы «14» сандары «30» сандарына алмаштырылсын;
3-пунктунда:
үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
жетинчи абзацтын төртүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Идентификация каражаттары Жаныбарлардын эсебин алуу Эл аралык комитетинин (ICAR) талаптарына шайкеш келүүсү тийиш жана идентификация каражаттарынын үлгүлөрү ICARдын расмий сайтында жайгаштырылуусу зарыл.»;
- 4-пунктунда:
1- пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«штрих код өлкөнүн сандык кодунан (KG 417), жаныбардын түрүнөн жана жеке номеринен турууга тийиш;»;
2- пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«штрих код өлкөнүн сандык кодунан (KG 417), жаныбардын түрүнөн жана жеке номеринен турууга тийиш;»;
3- пунктчасында:
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«ИСО 11784/11785 стандарттары боюнча түзүлгөн жылкылар үчүн чиптер 15 сандан турууга тийиш;»;
жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4төн 6га чейинки цифралар өндүрүүчүнүн кодун билдирет;»;
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
«7 саны жаныбардын түрүн билдирет;
8 санынан 15 санына чейин (8 саны) жаныбардын жеке идентификациялык номерин билдирет.»;
5-пункттагы алтынчы жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 7-пунктунда:
биринчи жана үчүнү абзацтары кучүн жоготту деп таанылсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жаныбардын мал союучу пункттарда союлуусу, жаныбардын өлүүсү, ошондой эле ушул Эрежеде көрсөтүлгөн учурларда идентификацияланган жаныбар жөнүндөгү маалыматтар Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине кирүүгө укугу бар ыйгарымдуу ветеринардык врачка берилет.»;
- 8-пункттун сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 10-пункттун тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3- глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Жаныбарларга документтерди берүү тартиби
1. Жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же ветеринардык врач жаныбарга жеке идентификациялык номер берилгенден кийин Идентификацияланган жаныбарлардын мамлекеттик бирдиктүү реестрине идентификацияланган жаныбар жөнүндөгү маалыматты киргизет.
Идентификацияланган жаныбарлардын мамлекеттик бирдиктүү реестрине идентификацияланган жаныбар жөнүндө, алардын кыймылы, жаныбарлардын ээлери, жүргүзүлгөн ветеринардык дарылоолор, диагностикалык изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар киргизилет.
Идентификацияланган жаныбарлар жөнүндөгү маалыматтарды кийинки жаңылоо ветеринардык иш-чараларды (диагностикалык изилдөөлөр, профилактикалык дарылоо) жүргүзүү процессинде, ээсинин алмашуусунда, же анын союлуу, өлүү учурларында ишке ашырылат.
Идентификацияланган жаныбарларды чыгарууда жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же ветеринардык врач тарабынан Идентификацияланган жаныбарлардын мамлекеттик бирдиктүү реестриндеги маалыматтардын негизинде бекитилип берилген тийиштүү административдик – аймактык бирдик чегинде ушул Эреженин 4-тиркемесине ылайык №1а формасындагы Ветеринардык күбөлүк (мындан ары-Ветеринардык күбөлүк) берилет.
Идентификацияланган жаныбардын ээсинин алмашкандыгы жана/же турган жерин өзгөртүлгөндүгү, союлушу,өлүшү жөнүндөгү маалыматтар он төрт календардык күн ичинде жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же ветеринардык врач тарабынан Идентификацияланган жаныбарлардын мамлекеттик бирдиктүү реестрине киргизилүүсү тийиш.
12. Идентификацияланган жаныбарлардын мамлекеттик бирдиктүү реестрине идентификацияланган жаныбар жөнүндөгү маалыматтарга өзгөртүүлөр төмөнкүлөрдүн негизинде киргизилет:
- Ветеринардык күбөлүк;
- идентификацияланган жаныбарларды союу же өлүү учурларында идентификациялоо каражаттары;
13. Ветеринардык күбөлүктө Идентификацияланган жаныбарлардын мамлекеттик бирдиктүү реестриндеги жаныбардын ээси, чарбасы, идентификациялык номери, чыгыштоо номери, жүргүзүлгөн ветеринардык-санитардык-профилактикалык иш чаралар, жайгашкан жери жөнүндөгү маалыматтарды жана берген жактын мөөрү менен тастыкталган колу болуусу керек.
14. Ветеринардык күбөлүк берилген күндөн тартып, үч календардык күн ичинде жарактуу. Мында жаныбарды чыгыштоодогу берилген номери өзгөрүүсүз бойдон калат.
15. Ветеринардык күбөлүк мүйүздүү майда мал, чочколор, коендор, үй канаттуулары жана аарылардын топтук идентификациялык номери боюнча берилет, асыл-тукум баалуулукка ээ мүйүздүү майда мал жана чочколорго Ветеринардык күбөлүк жеке берилет.
16. Мүйүздүү бодо малдарга жана жылкыларга Ветеринардык күбөлүк жеке берилет.
17. Эгерде, бир мал ээсинин 5 (бештен) көп идентификациядан өткөн малына ветеринардык күбөлүк берүү учурларында, кийинки малдарына ветеринардык күбөлүктү жол-жоболоштуруу жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган формадагы тиркеме түрүндө болот жана жаныбардын түрү, идентификациялык номери, Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгыштоо номери көрсөтүлөт. Мында тиркеменин ар бир бетине номер көрсөтүп, ветеринардык врач колун коет жана мөөрүн басат.
18. Жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген ветеринардык врач Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен идентификацияланган жаныбарлар жөнүндөгү маалыматтарды берүүсү тийиш.
19. Ветеринардык күбөлүк жана идентификацияланган жаныбарлар жөнүндөгү маалыматтарды берүү, жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тийиштүү акы төлөө менен жүзөгө ашырылат.
20. Жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү жол-жоболорун жүргүзүү алкагында келип түшкөн финансы каражаттары бирдиктүү казыначылык эсеп тутумунун администештирилген эсебинде топтолот жана идентификация каражаттарын, бланктарды алууга жана жаныбарларга идентификация жана байкоо жүргүзүү иш чараларын жүргүзүүгө сарпталат.».
- жогоруда аталган Эреженин 1-тиркемесинин 2-4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. жылкы;
3. мүйүздүү майда мал (койлор жана эчкилер);
4. чочколор;»;
- жогоруда аталган Эреженин 2-жана 6- тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган Эреженин 4-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык баяндалсын;
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев