КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-августундагы № 374 токтому

Дем алыш күндү которуу жөнүндө

2018-жылы дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2018-жылдын 22-сентябрындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 20-августундагы иш күнүнө которулсун.

2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине 2018-жылдын 22-сентябрындагы дем алыш күнүн 2018-жылдын 20-августундагы иш күнүнө которуу сунушталсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу