КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №198 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө”  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын6-декабрындагы № 546 “Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, бюджеттик керектөөчүлөр үчүн жогорулатуу коэффициенттерин колдонуу жолу менен Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында, “Энергетика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:


1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– төмөнкүдөй мазмундагы 21 жана 22-пункттар менен толукталсын:

“21. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ар айлык негизде:

1) отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин электр менен жабдуучу уюмдарга 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмелерин Кыргыз Республикасынын облустары жана региондору боюнча жашаган/жүргөн жеринин иш жүзүндөгү дарегин көрсөтүү менен берсин;

2) 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга
 (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр – электр энергиясын керектөөчүлөрдү идентификациялоодо электр менен жабдуучу уюмдарга көмөк көрсөтсүн;

3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

22. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ар айлык негизде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине жана энергия менен жабдуучу уюмдарга электр энергиясын керектөөчүлөрдү – 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү идентификациялоого көмөк көрсөтсүн.”; 

– жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:

  1. 3-главасында:

         – он бешинчи абзацындагы “1 кВт саат үчүн 340 тыйын өлчөмүндөгү  тариф боюнча (салыктарды эсепке албастан) жүргүзүлөт” деген сөздөр “1 кВт саат үчүн 252 тыйын өлчөмүндөгү тариф боюнча (салыктарды эсепке албастан) жүргүзүлөт, ал 1,35 жогорулатуу коэффициентине түзөтүлөт” деген сөздөргө алмаштырылсын;

         – жыйырма экинчи абзацындагы “жана берүү наркынын ордун толтуруу деңгээлинде” деген сөздөр “ордун толтуруу деңгээлинде жана аны керектөөчүгө жеткирүүнү эске алуу менен” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 1-тиркемесинде:

– “2021-ж.” деген графанын аталышы “2021-01.06.2022-ж.” деген аталышка алмаштырылсын;

– 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

6

Бюджеттик керектөөчүлөр

тыйын/кВт.с

252,0

тариф 

+ инфляция

тариф + инфляция

тариф + инфляция

тариф + инфляция

Өсүш

%

12,5

инфляциянын деңгээ-лине жараша

инфляциянын деңгээ-лине жараша

инфляциянын деңгээ-лине жараша

инфля-циянын деңгээ-лине жараша

Жогорулатуу коэффициенти:


1,35

1,35

1,35

1,35

1,35

“;

3) Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 2-тиркемесинде:

– “2021-ж.” деген графанын аталышы “2021-01.06.2022” деген аталышка алмаштырылсын;

– 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 1.5-пунктча менен толукталсын:

1.5

16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр айына 150 кВт сааттан 700 кВт саатка чейин керектөөдө

ты-йын/

кВт.с

50,0

тариф + инфляция

тариф + инфляция

тариф + инфляция

тариф + инфля-ция

Өсүш

%

-

инфляциянын деңгээ-лине жараша

инфляциянын деңгээ-лине жараша

инфляциянын деңгээ-лине жараша

инфля-циянын деңгээ-лине жараша

”;

4) Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 3-тиркемесинде:

         – 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“4. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарындагы Жазы-Кечүү айылынын “Калк” керектөөчүлөрү тобу жана Кара-Көл шаары үчүн тарифтер:

– айына 150 кВт.с чейин керектөөдө ОМТСтин 2-тиркемесинин 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;

– электр энергиясын айына 150 кВт.с ашык 700 кВт.с чейин керектөөдө (бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган калктан, ошондой эле 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн тышкары) ОМТСтин
 2-тиркемесинин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат; 

– электр энергиясын айына 700 кВт.с ашык керектөөдө (бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган калктан тышкары) ОМТСтин 2-тиркемесинин 1.3-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;

– бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашагандар үчүн ОМТСтин 2-тиркемесинин 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;

– 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга
 (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясын керектөөдө айына 150 кВт.с ашык 700 кВт.с чейин керектөөдө, ОМТСтин 2-тиркемесинин
 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;

– 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга
 (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул алган, бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясын айына 700 кВт.с ашык керектөөдө ОМТСтин 2-тиркемесинин 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;”;

– төмөнкүдөй мазмундагы 671-пункт менен толукталсын:

“671. Эгерде электр энергиясын өзүнчө эсепке алуу приборлору бар болсо, жогорулатуу коэффициентин колдонуу куюучу жана эритүүчү өндүрүшкө кирбеген ишканалардын башка түзүмдүк өндүрүштүк бөлүмдөрүнө жайылтылбайт.”.

2. Энергетикалык компаниялар керектелген электр энергиясы үчүн ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдерге ылайык кайра эсептешүү жүргүзсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын
 1-январынан тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                        А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу