КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги №212 токтому

2022–жылдын май айындагы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө

Кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:

- 2022-жылдын 30-апрелиндеги дем алыш күнү – 2022-жылдын 4-майындагы иш күнүнө;

- 2022-жылдын 14-майындагы дем алыш күнү – 2022-жылдын 6-майындагы иш күнүнө которулсун.

2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык дем алыш күндөрүн которуу сунушталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                   А.У. Жапаров


Тиркемелер

Басып чыгаруу