КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №203 токтому

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасын “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомуна кайра уюштуруу жөнүндө

Почта байланышын, анын ичинде банктык терминалдарга окшош атайын терминалдарды пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын жарандарына пенсияларды жана жөлөкпулдарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана спектрин кеңейтүү, ошондой эле андан ары натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн потенциалдуу стратегиялык инвесторлордон түз инвестицияларды тартууга шарттарды түзүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтому менен бекитилген 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы 100 пайыз акциясын мамлекеттик менчикте сактоо менен, коомдун уставдык капиталын белгиленген тартипте аныктоо менен “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомуна кайра уюштурулсун.

2. “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 1-пунктунун 8-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

– Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин башкаруу схемасынан “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы” жана “Филиалдар” деген позициялар алып салынсын.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасын акционердик коомго өзгөртүп түзүү боюнча иш-чаралардын комплексин белгиленген тартипте ишке ашырсын.

5. Өзгөртүп түзүлгөн “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун акцияларын фондулук биржада ажыратууга тыюу салуу белгиленсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
 17-февралындагы № 99 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинде:

– “Б” категориясынын (маанилүү объектилер) 8-пунктундагы “МИ” деген аббревиатура “ААК” деген аббревиатурага алмаштырылсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                         А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу