Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1..Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1).жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесиндеги эскертүүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде башкаруу түзүмдөрүнүн башка аталыштарына жана мамлекеттик кызматчылардын штаттык санынын башка минимум ченемдерине жол берилет.»;
2).жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесиндеги эскертүүнүн 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«Мамлекеттик кызмат орундарынын ченемдик түзүмү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик улук нотариустарынын жана мамлекеттик нотариустарынын кызмат орундарына карата колдонулбайт.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин борбордук аппаратында мамлекеттик кызмат орундарынын төмөнкүдөй ченемдик түзүмү белгиленет:
- жетектөөчү курам - 30 пайызга чейин;
- адистер - 70 пайыз жана андан жогору, анын ичинде:
- башкы адистер - 50 пайызга чейин;
- жетектөөчү адистер - 40 пайызга чейин;
- адистер - 10 пайыз жана андан жогору.».
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев