КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги №226 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 «Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, маалыматтык коопсуздук жана табигый кырсыктардын кесепетин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана алардын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү, Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарында республикалык жана эл аралык иш-чараларды өткөрүүдө улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 «Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, маалыматтык коопсуздук жана табигый кырсыктардын кесепетин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  2. 2-пунктунда:

         биринчи абзацы «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору» деген сөздөрдөн кийин «Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары,» деген сөздөр менен толукталсын;

         экинчи абзацы «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборунун» деген сөздөрдөн кийин «Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын,» деген сөздөр менен толукталсын;

         2) 4-пункту «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (макулдашуу боюнча),» деген сөздөрдөн кийин «Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын,» деген сөздөр менен толукталсын;

3) аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, маалыматтык коопсуздук жана табигый кырсыктардын кесепетин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибинде:

– 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи – он төртүнчү абзацтар менен толукталсын: 

«– Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана алардын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана муниципалдык ишканалары төмөнкүлөрдү жүргүзүүдө: 

республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал жана ал жеткис күчтүн жагдайлары шарттарында социалдык объекттерди (саламаттык сактоо, билим берүү, калкка социалдык (тиричилик) кызматтарын көрсөтүү объекттерин) долбоорлоо, куруу боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну;

республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен республикалык жана эл аралык иш-чараларды өткөрүүдө объекттерди, жолдорду жана гидротехникалык курулмаларды долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, көрктөндүрүү, капиталдык оңдоо боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну.».

2. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                        А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу