“Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Курулуп жаткан объектилердин дирекциясы” мекемесин түзүү жөнүндө
Курулуштун натыйжалуулугун жогорулатуу, негизги фонддорду, эмгектик, материалдык ресурстарды, капиталдык салымдарды пайдаланууну жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Курулуп жаткан объектилердин дирекциясы” мекемеси түзүлсүн.
2. “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Курулуп жаткан объектилердин дирекциясы” мекемесинин уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Түзүлүп жаткан мекемени күтүүгө каражаттар мекеменин реалдуу эсептик керектөөлөрүнө жараша негизги капиталга (капиталдык салымдардын) инвестициялардын көлөмүнүн 2,9 пайызына чейинки өлчөмүндө каралат деп белгиленсин. Мында мекеменин чыгашаларга болгон муктаждыгы зарыл иш-чаралардын негиздүү эсептөөлөрүнүн жана укук коргоо органдарынын эркин жалданган жана жарандык персоналына эмгек акы төлөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык эмгек акы фондунун негизинде түзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын “Механизациялаштырылган көчмө колонна” мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 12-пунктундагы “, долбоордук-сметалык документтерди аткарууну” деген сөздөр алып салынсын;
– 15-пунктунда:
1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) курулуш аянттарын жана курулуш объекттерин даярдоо, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо;”;
2-пунктчасындагы “жана тапшырыкчынын” деген сөздөр алып салынсын;
– 17-пунктунун 10-пунктчасындагы “, долбоорлоо, изилдөө” деген сөздөр алып салынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
– өзүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин;
– бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров