Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги №232 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын аймагынан товарлардын үзгүлтүксүз экспортун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 127-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) мамлекеттик тилдеги текстинин 2-пунктунун жетинчи абзацында «токтому» деген сөз «токтомунун 5-пункту» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Рейддик салык контролун жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартибинде:

– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:

«– товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүдө, анын ичинде товарларды экспорттоодо баштапкы эсепке алуу документтеринин болушу.»;

– 40-пунктта:

биринчи абзац «ташып келүүнү (импорттоону)» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле Кыргыз Республикасынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге ташып чыгууну (экспорттоону)» деген сөздөр менен толукталсын;

экинчи абзацында «аныкталган» деген сөздөн кийин «жана/же уруксат берүүчү документтер, анын ичинде баштапкы эсепке алуу документтер жок болгон» деген сөздөр менен толукталсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы 401-пункт менен толукталсын: 

«401. Кыргыз Республикасынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге товарларды ташып чыгууда (экспорттоодо) баштапкы эсепке алуу документтеринин, анын ичинде эсеп-фактуралардын болушуна жана аныктыгына салык контролу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарына жакын жерде контролдук-ыкчам жана рейддик иш-чараларды жүзөгө ашырган мобилдик топтун (мындан ары – мобилдик топ) курамында кызматкерлер тарабынан ишке ашырылат.»;

– 42-пункт «сатууга жаткан товарларга» деген сөздөрдөн кийин «, анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге ташып чыгууда (экспорттоодо)» деген сөздөр менен толукталсын;

– 43-пункт «сатылуучу товарга» деген сөздөн кийин
 «, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге ташып чыгууда (экспорттоодо)» деген сөздөр менен толукталсын;

– 44-пункттун биринчи абзацында «баштапкы эсепке алуу документтери жок болсо» деген сөздөр «, анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге ташып чыгууда (экспорттоодо) баштапкы эсепке алуу документтери жок болсо же дал келбесе,» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы 451 жана 452-пункттар менен толукталсын: 

«451. Кыргыз Республикасынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге товарларды ташып чыгууда (экспорттоодо) баштапкы эсепке алуу документтери, анын ичинде эсеп-фактуралар жок болгон же дал келбеген фактылар аныкталган учурда, автотранспорт каражаты мобилдик топко өткөрүп берилет, ал товарды (жүктү) транспорт каражаттарын атайын токтотуу жайларында кармап калат.

452. Мобилдик топ кызматкер тарабынан товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктары алынгандан кийин жагдай аныкталганга чейин жана тиешелүү баштапкы эсепке алуу документтер, анын ичинде эсеп-фактуралар берилгенге чейин, кармалган товарды (жүктү) убактылуу сактоо кампаларына (МБК УСЖ) же товарды экспортоочунун жана/же ташуучунун кампа, өндүрүш аймагына жайгаштырат.»;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу тартибинде:

– 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

«–контейнерде, алынуучу кузовдо, тарада (таңгакта) транспорттук пакетте, цистернада сакталган, ташуу үчүн арналган же ташылуучу.»;

– 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:

«4) Кыргыз Республикасынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге товарларды ташып чыгууда (экспорттоодо) баштапкы эсепке алуу документтеринин, анын ичинде эсеп-фактуралардын жоктугу же дал келбестик фактыларын белгилөө.».

2. Бул токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 1-пункттун 1-пунктчасын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин

Төрагасынын 

биринчи орун басары                                                        А.О. Кожошев

Тиркемелер

Басып чыгаруу