Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №204 токтому

Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматтын жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун  жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунунтартибин бекитүү тууралуу

Жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу жана аларды анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо максатында, «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
3-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматтын жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тиешелүү жылга бекитилген бюджеттин чегинде маалыматтык саясат башкармалыгынын базасында тиешелүү каржылоо жана техникалык жабдуу менен жарандардын жана юридикалык жактардын Интернет тармагындагысайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануу боюнча кайрылууларын кароону, анын ичинде маалымат мейкиндигине талдоо жана мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу түзүмдүк бөлүмдү түзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:

– ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;

– үч айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

  

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                       

 

 

А.У. Жапаров


Тиркемелер

Басып чыгаруу