Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө
2019-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын, анын ичинде мунай продуктуларынын жана идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарлардын жүгүртүлүшүн контролдоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат.
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды түзүү жана колдонуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;
– Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуу жана контролдоо тартиби жөнүндө жобо
2-тиркемеге ылайык;
– Мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуунун жана контролдоонун электрондук системасына карата техникалык талаптар
3-тиркемеге ылайык.
2. Салык төлөөчү ушул токтомдун 1-тиркемесинде белгиленген тартипте электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын маалыматтык системасынын катышуучусу катары катталууга милдеттүү деп белгиленсин:
1) 2022-жылдын 15-майынан тартып – Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продуктуларынжана идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашырган салык төлөөчү;
2) 2022-жылдын 1-июлунан тартып – Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууга ылайык Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен тизмеге киргизилген товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашырган салык төлөөчү;
3) 2023-жылдын 1-январынан тартып – ушул пункттун 1 жана
2-пунктчаларына кирбеген товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашырган салык төлөөчү.
3. Салык төлөөчү электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды милдеттүү колдонуу киргизилүүчү датага чейин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын маалыматтык системасынын катышуучусу катары ыктыярдуу түрдө каттала алат депбелгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы экономикалык иштин субъекттерининарасында электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу боюнча системалуу негизде түшүндүрүү жана маалыматтык иштерди жүргүзсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
17-сентябрындагы № 482 “Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай заттарды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
17-декабрындагы № 691 “Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 6-пункту;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
30-мартындагы № 191 “Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 4-пункту.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом 2022-жылдын он бешинчи майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У.Жапаров