Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемесинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 86, 174, 187, 205, 213, 236, 239, 245, 246, 258, 288, 295, 302, 303, 320, 347, 354, 364, 375, 376, 386, 407, 409, 411-беренелеринин, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемесинин талаптарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жобо 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 213 жана 288-беренелерине ылайык пайда салыгын жана кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган мүлктү акысыз негизде кабыл алуу-өткөрүп берүү тартиби 4-тиркемеге ылайык;
5) Бонусту эсептөө тартиби 5-тиркемеге ылайык;
6) Рудадагы жана/же концентраттагы химиялык таза металлдын наркын аныктоо тартиби 6-тиркемеге ылайык;
7) Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсепке алуу наркы жок транспорт каражатынын наркын аныктоо тартиби 7-тиркемеге ылайык;
8) Мүлккө укугунун каттоосу жок болгондо жана/же мүлк объектинин салыктык базасы салык кызматынын органдары башка булактардан алган документтик маалыматтары менен айырмаланган учурда дубалдардагы материалды, дубалдардагы басымдуулук кылган материалды аныктоонун тартиби 8-тиркемеге ылайык;
9) Салыктык карызды өндүрүп алуу жүргүзүлбөй турган салык төлөөчүнүн - жеке жактын мүлкүнүн тизмеги 9-тиркемеге ылайык;
10) Пайда салыгын жана кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган адистештирилген уюмдардын тизмеги 10-тиркемеге ылайык;
11) Эксплуатациялоо учурунда алынган кирешелерден кетирилген чыгымдардын ашкан суммалары алынбай турган социалдык чөйрөнүн объекттеринин тизмеги 11-тиркемеге ылайык;
12) Майыптар (жалпы оорунун 3-тобундагы майыптыгы бар адамдардан тышкары) иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин түзгөн жана алардын эмгек акысы киреше салыгынан жана сатуу салыгынан бошотулган жалпы эмгек акы төлөө фондунун 50 пайызынан кем эмес суммасын түзгөн майыптар коомдорунун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги 12-тиркемеге ылайык;
13) Салык салуу объекти болуп саналбаган мүлк объекттеринин тизмеги 13-тиркемеге ылайык;
14) Жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү ордун ырастоочу документтердин тизмеги 14-тиркемеге ылайык;
15) Товарлардын экспортун ырастоочу документтердин тизмеги 15-тиркемеге ылайык;
16) Кайра иштетилген продуктуну кийин Евразия экономикалык бирлигинин ошол эле мүчө мамлекетинин аймагына ташып чыгаруу менен Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн жумуштарды аткаруу фактысын ырастоочу документтердин тизмеги 16-тиркемеге ылайык;
17) Кайра иштетилген продуктуну кийин Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө мамлекетинин аймагына ташып чыгаруу менен Евразия экономикалык бирлигинин бир мүчө мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн жумуштарды аткаруу фактысын ырастоочу документтердин тизмеги 17-тиркемеге ылайык;
18) Кайра иштетилген продуктуну кийин Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болуп саналбаган мамлекеттин аймагына ташып чыгаруу менен Евразия экономикалык бирлигинин бир мүчө мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн жумуштарды аткаруу фактысын ырастоочу документтердин тизмеги 18-тиркемеге ылайык;
19) Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттерине товарларды экспорттоо (иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштарды аткаруу) учурунда кошумча нарк салыгы жана акциздик салык боюнча салык отчетторуна тиркелүүчү документтердин тизмеги 19-тиркемеге ылайык;
20) Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоо (иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштарды аткаруу) учурунда кыйыр салыктар боюнча салык отчетторуна тиркелүүчү документтердин тизмеги 20-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун бешинчи жана он биринчи абзацтары;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 163 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-октябрындагы № 653 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-декабрындагы № 749 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 158 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 615 “Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июлундагы № 365 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 163 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 169 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-октябрындагы № 653 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-июлундагы № 550 “Евразия экономикалык бирлигинде товарларды, жумуштарды, кызматтарды экспорттоо жана импорттоо учурундагы документтердин тизмегин бекитүү тууралуу” токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 792 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 616 “Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим түзүү тууралуу кабарламанын формасын бекитүү жөнүндө” токтому;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 249 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтому;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 328 “Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан (аймагына) Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) товарларды убактылуу ташып келүү (ташып чыгуу) жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартиптерин бекитүү тууралуу” токтому;
15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 349 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтому;
16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 773 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 551 “Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө” токтому;
18) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-декабрындагы № 599 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасынын биринчи
орун басары А.О. Кожошев