Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-майындагы №254 токтому

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды башкаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 37 “Бажы бирлигинин Комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Евразия экономикалык бирлигинин аймагына ташылып келген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө” чечимине жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды башкаруу жөнүндө жоботиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникацияларминистрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын
17-мартындагы № 37 “Бажы бирлигинин Комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Евразия экономикалык бирлигинин аймагына ташылып келген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө” чечими күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

 Долбоорго ЕАЭБ (тиркеме).docx

Жобого ЕАЭБ (тиркеме).doc

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы      А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу