Электр кыймылдаткыч менен моторлуу транспорт каражаттарына карата тарифтик жеңилдиктерди бөлүштүрүүнүн жол-жобосун бекитүү жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 43 жана 45-беренелерине, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын
17-мартындагы № 39 чечимине, Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 “Евразия экономикалык бирлигин бирдиктүү бажы-тарифтик жөнгө салуу жөнүндө”чечиминин 7-пунктунун 7.1.38-пунктчасына жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” КыргызРеспубликасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 8703 80 000 2 коду мененклассификацияланган электр кыймылдаткыч менен моторлуутранспорт каражаттарын ташып келүүнү жүзөгө ашырган жак, ушул жак ташып келген аталган товарлардын саны жана алардын наркы жөнүндө маалыматтар камтылган документти берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
1) тарифтик жеңилдик берүүдө Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 39 “Электр кыймылдаткыч менен моторлуу транспорт каражаттарынын айрым түрлөрүнө карата Бажы бирлигинин Комиссиясынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечимин жетекчиликке алсын;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн документти берүү тартибин өзүнүн чечими менен бекитсин;
3) товарларды ташып келүүчү жактардан арыз келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) календардык күндөн кечиктирбестен, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн документти берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын
17-мартындагы № 39 “Электр кыймылдаткыч менен моторлуу транспорт каражаттарынын айрым түрлөрүнө карата Бажы бирлигинин Комиссиясынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечими күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У.Жапаров