КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 346 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 546 «Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын ишке ашырууда мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 546 «Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планында:

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«

4

Онлайн режиминде автомашина ээлерин транспорттук каражаттарды башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө маалыматтарды алмашуу боюнча сот органдарынын, ПМББнын жана ТКжАККДнын ортосунда өз ара байланышты күчөтүү максатында маалыматтарды алмашуу системасын автоматташтыруу

2018-жылдын

 1-августу

ИИМ, МКК, Жогорку сотко караштуу Сот департаменти (макулдашуу боюнча)

 

                                                                                                                        »;


- 52-пунктунун 52.1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«

52.1. Курсанттар окуган автомектептерди көрсөтүү менен айдоочулар курамы боюнча маалыматтар базасын туруктуу негизде түзүү жана колдоп туруу:

- 3 жылга чейинки стажы бар айдоочулар жасаган жол-транспорт кырсыгынын анализинин негизинде айдоочу кайсы окуу жайында окугандыгы тууралуу маалыматтарды каттоо;

- ЖТК катталганда - кайсы автомектептин бүтүрүүчүсү ЖТК күнөөлүү болгондугун табуу, маалымат жыйноо жана ай сайын лицензиарга ЖТК сандык жана сапаттык анализин жөнөтүү

2018-жылдын

30-декабры

ИИМ, МКК, БИМ

 

     ».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                           М.Д.Абылгазиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу