Чүй облусу, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы дарегинде жайгашкан “Теплые ключи” дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексинин кыймылсыз мүлкүн “Электр станциялар” ачык акционердик коомуна кийин мөөнөтүн узартуу укугу менен 15 жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
“Теплые ключи” дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексинин мүлкүн сактоо, натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Чүй облусу, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы дарегинде жайгашкан “Теплые ключи” дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексинин имаратын жана курулмасын (идентификациялык коддору: 7-01-09-0010-0019, 7-01-09-0010-0020, 7-01-09-0010-0021) 5,0 га жер участогу менен белгиленген тартипте “Электр станциялар” ачык акционердик коомуна кийин мөөнөтүн узартуу укугу менен 15 жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 “Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жободо:
– 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечими менен Чүй облусу, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы дарегинде жайгашкан “Теплые ключи” дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексинин кыймылсыз мүлкүн айрым коммерциялык эмес уюмдарга, мамлекеттик ишканаларга, акцияларынын (үлүштөрүнүн) мамлекеттик контролдук пакетине ээ чарбалык коомдорго же болбосо алардын туунду коомдоруна, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана муниципалдык ишканаларга кийин мөөнөтүн узартуу укугу менен 15 жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга берүүгө укуктуу.”.
3. “Электр станциялар” ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
– ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти кийин мөөнөтүн узартуу укугу менен 15 жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга белгиленген тартипте кабыл алуу;
– ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттин сакталышын, күтүү жана тейлөө боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун каражаттарынын эсебинен камсыз кылуу.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров