КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 337 токтому

Көмөкчү репродуктивдик технологияларды пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым актыларды бекитүү жөнүндө

 “Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-21-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Карын энелик методду колдонуу тартиби жана шарттары 1-тиркемеге ылайык;

- Жыныстык клеткалардын донорлугунун тартиби жана шарттары, ошондой эле жыныстык клеткаларды сактоо жана пайдалануу шарттары  2-тиркемеге ылайык;

- Жасалма уруктандырууну өткөрүү тартиби 3-тиркемеге ылайык;

- Редукцияны өткөрүү үчүн медициналык көрсөтүүлөрдүн тизмеси  4-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                М.Д.Абылгазиев