Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы №277 токтому

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон  районунун Бешик-Жон айыл аймагында жайгашкан аянты 6,0 га кайрак айдоо жерлерин“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

 

Жалал-Абад шаарынын административдик аймагында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 10 мекемесин кайра жайгаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 4-мартындагы № 04-01/778 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын
1-мартындагы № 97-т токтомун эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун
Базар-Коргон  районунун Бешик-Жон айыл аймагындагы Бай-Мундуз айылынын Сары-Талаа участогунун аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун № 251 контурундагы 6,0 га кайрак айдоо жери жазык-аткаруу тутумунун мекемесин куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун (трансформациялансын).

2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун 
Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

– жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

– ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

– айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

  

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                           А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу