Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой тэле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө
“Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 91-статьясын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
15-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 746 “Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жободо:
– 1-пунктундагы “электр байланышы жаатындагы ишке лицензияларды берүү, кайра тариздөө, токтото туруу, калыбына келтирүү жана жокко чыгаруу, почта байланышынын маалыматтарын берүү жана (же) Кыргыз Республикасынын аймагына радио электрондук каражаттарды ташып келүүгө уруксат берүү тартибин регламенттейт” деген сөздөр “электр байланышы, маалыматтарды берүү, почта байланышы жаатындагы жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы ишке лицензияларды жана (же) Кыргыз Республикасынын аймагына радио электрондук каражаттарды ташып келүүгө уруксатты берүү, кайра тариздөө, токтото туруу, калыбына келтирүү жана жокко чыгаруу тартибин регламенттейт” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 2-пунктундагы “жана почта байланышы” деген сөздөр “, почта байланышы жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“– Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатында;”;
– 6-пункту “почта байланышы жаатындагы” деген сөздөрдөн кийин “, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы” деген сөздөр менен толукталсын;
– 10-пунктунун биринчи абзацы “почта байланышы жаатындагы” деген сөздөрдөн кийин “, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы” деген сөздөр менен толукталсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 131-глава менен толукталсын:
“131-глава. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы лицензиялык талаптар
411. Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак гана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы лицензиат болушу мүмкүн.
413. Лицензиаттын штатында жогорку техникалык билими, байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн арналган түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы 3 (үч) жылдан кем эмес ырасталган эмгек стажы, алар менен эмгек келишимдери түзүлгөн 3төн (үч) кем эмес кызматкердин болушу милдеттүү.
414. Лицензиат төмөнкүлөргө милдеттүү:
– Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген жана транзиттик түзүлүштөрдү, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн арналган түзүлүштөрдү идентификациялоочу маалыматтар базасын жүргүзүүгө жана өз ишин жүргүзгөн бардык мезгилде маалыматтар базасын сактоону камсыз кылууга;
– маалымат базасында идентификациялык коддору окшош эки же андан көп түзүлүштөр табылган учурда бул жөнүндө изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу укук коргоо органдарына билдирүүгө;
– иши токтотулган, же болбосо лицензиясы токтотулган же жокко чыгарылган учурда өзүнүн маалыматтар базасында сакталган маалыматтарды Лицензиарга толук көлөмдө берүүнү камсыз кылууга;
– байланыш тармактарында изин суутпай издөө, контрчалгындоо ишин жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өзүнүн маалыматтар базасынан колдонуудагы жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү түзүлүштөрдү, ошондой эле маалыматтарды берүүгө арналган түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык коддорунда идентификацияланган өзүнүн маалыматтар базасынан маалыматтарды, ошондой эле ушул органдарга жүктөлгөн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды берүүгө, аларга изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүгүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда маалыматтар базасына жана автоматташтырылган тутумдарга жетүүнү камсыз кылууга;
– GSMA ассоциациясынын маалыматтарына негизделген чыгаруучу заводдун баасы, түзүлүштөрдү чыгарган өлкө, түзүлүштүн аталышы жана модели жөнүндө маалыматтарды бажы жана салык органдарына берүүгө.
415. Лицензиатты программалык камсыздоо контрафакттык продукцияларды табуу предметине байланыш түзүлүшүнүн идентификациялык кодунун жана/же өзгөчөлүктөрүнүн негизинде каттоого алынган байланыш түзүлүшүнүн аутенттүүлүгүн аныктоого, программалык камсыздоо каражаттары боюнча бажы башкармалыгы менен маалыматтарды синхрондоштурууга, ошондой эле GSMA ассоциациясынын маалыматтарына негизделген ташып келинген же өндүрүлгөн түзүлүштөрдү чыгаруучу заводдун наркын берүү үчүн салык органдарына кошулууга тийиш.
416. Лицензиатты программалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле “Ак”, “Кара”, “Боз” тизмелерине идентификациялык коддорду киргизүү мүмкүнчүлүгү менен маалыматтарды берүүгө арналган түзүлүштөрдү эл аралык уникалдуу идентификациялык коддорунун маалыматтар базасына каттоону жана сактоону камсыз кылууга тийиш.
417. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана өндүрүлгөн байланыш түзүлүштөрүнүн идентификациялык коддорун каттоо үчүн байланыш түзүлүштөрү ташып келинген күндөн тартып 7 (жети) календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө импорттоочу Лицензиатка электрондук форматта түзүлүштү каттоо жөнүндө арызды, ошондой эле түзүлүштү каттоо үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документин берет. Кызмат көрсөтүүгө акы төлөөнүн өлчөмү монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча идентификациялоо оператору тарабынан белгиленет.
Байланыш түзүлүштөрүнүн идентификациялык коддорун каттоо үчүн документтер идентификациялоо операторунун электрондук порталы аркылуу берилүүгө тийиш, арызга электрондук колтамга коюлат же документтер кагаз жүзүндө берилет.
418. Электр байланыш операторлору Лицензиаттан тийиштүү суроо-талап алынган датадан тартып 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде операторлордун маалыматтар базасында болгон бардык идентификациялык коддор жөнүндө маалыматтарды Лицензиатка берүүгө, ошондой эле маалымат алмашуу үчүн лицензияны колдонуу мезгилинде жабдууга кошуу жана кошумча жабдууга кошуу жана күнү-түнү тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүн берүүгө милдеттүү.
419. Идентификациялоо оператору Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоо мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо тартибин сактоого милдеттүү.”.
3. Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоо мамлекеттик тутуму ишке киргизилген учурдан тартып идентификациялоо оператору мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жана байланыш операторлорунун тармагында активдүүлүктү көрсөткөн, маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү алты айдын ичинде акысыз негизде каттоого тийиш деп белгиленсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Тиркеме
- Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоонун жана аутенттүүлүгүнүн, Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруунун жол-жоболорун аныктайт.
- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн бардык эл аралык идентификаторлору Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маалыматтар базасына киргизилүүгө тийиш.
- Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык роуминг кызматтарын пайдаланган абоненттерге жайылтылбайт (чет өлкөлүк байланыш операторунун SIM-картасын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын мобилдик операторлорунун тармактарында кызматтарды алуу).
- Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) идентификациялык маалыматтар – мобилдик түзүлүш, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылган түзүлүш жөнүндө, эл аралык талаптарга ылайык түздөн-түз өндүрүүчү тарабынан ыйгарылган уникалдуу идентификациялык маалымат;
2) эл аралык идентификациялык код (International Mobile Equipment Identifier) (мындан ары – IMEI коду) – мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле товардын же кызмат көрсөтүүнүн белгилүү бир тибине ыйгарылган белгилердин (цифралардын) жыйындысы түрүндөгү маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылган түзүлүштөрдүн эл аралык идентификациялык коду (IMEI);
3) клондолгон IMEI код – бирден ашык түзүлүштө пайдаланылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн белгилүү бир тибине ыйгарылган белгилердин (цифралардын) жыйындысы түрүндөгү түзүлүштөрдүн эл аралык идентификациялык коду;
4) мобилдик байланыш түзүлүшү, маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүш (мындан ары – түзүлүш) – абоненттин жана кошо алып жүрүүчү радиотелефон байланыш тутумунун бири-бири менен өз ара аракеттенүүсүнө мүмкүндүк берүүчү байланыш тармагына кошулган техникалык каражат, сырткы жабдуу (абонент терминалы);
5) “Ак тизме” – түзүлүштөрдүн катталган IMEI коддорунан жана роумингде жайгашкан түзүлүштөрдөн турган түзүлүштөрдүн IMEI коддорунун тизмеси;
6) “Кара тизме” – уурдалган, жоголгон, Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунда (мындан ары – ИМТ) белгиленген тартипте катталбагандарга кирген түзүлүштөрдүн IMEI коддорунун тизмеси;
7) “Боз тизме” – “Ак” же “Кара” тизмеге кирбеген, бирок мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө кирүү мүмкүндүгү болгон түзүлүштөрдүн IMEI коддорунун тизмеси;
8) EIR (EquipmentIdentity Register) – абоненттердин мобилдик түзүлүштөрүн каттоо статустары жөнүндө маалыматтар менен маалыматтар базасын билдирген абоненттик жабдууларды идентификациялоонун регистри;
9) IMSI (International Mobile Subscriber Identity) – абоненттин жеке номеринин эл аралык идентификатору;
10) GSMA (Global System for Mobile Communication
Association) – GSM Эл аралык ассоциациясы. Мобилдик түзүлүштөрдүн өндүрүүчүсүн жана моделин идентификациялоого мүмкүндүк берген IMEI коддорунун тизмелерин түзүүчү уюм;
11) TAC (Type Approval Code) – мобилдик түзүлүштүн тибин ырастоо коду;
12) электрондук же кагаз түрүндөгү сертификат – идентификациялоо оператору тарабынан катталган түзүлүш жөнүндө документ.
3-глава. ИМТны уюштуруу тартиби
- Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ИМТнын маалыматтар базасынын кармоочусу болуп саналат, кызыкдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле идентификациялоо операторлору жана электр байланыш операторлору менен өз ара аракеттенүү аркылуу аны өнүктүрүүнү жүзөгө ашырат.
- ИМТнын маалыматтар базасы электр байланышы операторлорунан жана идентификациялоо операторлорунан алынган маалыматтардын негизинде түзүлөт.
- Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ИМТнын маалыматтар базасындагы маалыматтардын жаңыртылышын, сакталышын, купуялуулугун камсыз кылат.
Идентификациялоо оператору өз каражатынын эсебинен ИМТны сатып алууну, орнотууну камсыз кылууга жана ушул системаны эксплуатациялоого көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
- Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдери менен жеке жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү жана жайгашкан түзүлүштөрдү каттоо жөнүндө арыздарынын формалары бекитилет (мындан ары – түзүлүштөрдү каттоо жөнүндө арыздар).
4-глава. Колдонуудагы түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жана шарттары
- Колдонуудагы түзүлүштөрдү идентификациялоо төмөнкү негизги этаптарды камтыйт:
1) идентификациялоо операторуна түзүлүштөрдү каттоо жөнүндө арыздарды берүү;
2) идентификациялоо оператору тарабынан түзүлүштөрдү каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу;
3) арыз берилген түзүлүштөрдүн идентификациялык маалыматтарын идентификациялоо тутумунун маалыматтары менен текшерүү жол-жобосу GSMA базасында идентификациялоо оператору тарабынан ушул ассоциациянын ассоциацияланган мүчөсүнөн жетүү укугун алуу аркылуу жүргүзүлөт;
4) идентификациялоо оператору тарабынан түзүлүштүн IMEI-кодун идентификациялоо тутумунун тиешелүү тизмесине киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алуу;
5) идентификациялоо оператору тарабынан катталган түзүлүш жөнүндө электрондук же кагаз түрүндөгү сертификатты берүү жолу менен арыз ээсине кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлоо.
5-глава. Ташып келинүүчү түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жана шарттары
- Өлкөнүн аймагына жеке пайдалануу максатында ташып келинген түзүлүштөр Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген датадан тартып 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбестен идентификациялоо операторунда катталууга тийиш.
- Өлкөнүн аймагына жеке пайдалануу максатында ташып келинген түзүлүштөрдү каттоо үчүн өлкөгө түзүлүштү ташып келген адам идентификациялоо операторуна түзүлүштөрдү каттоо жөнүндө электрондук же кагаз түрүндө толтурулган арыз жана ким экендигин ырастаган документтин көчүрмөсүн тиркөө менен кайрылат.
- Сатуу жана/же башка ишкердик ишти жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын рыногуна импорттолуучу түзүлүштөр идентификациялоо операторунда милдеттүү түрдө катталууга тийиш. Түзүлүштөрдү каттоо жөнүндө маалыматтар бажы декларациясын берүүнүн алдында милдеттүү түрдө ИМТ маалыматтар базасына киргизилет. Түзүлүштүн IMEI кодун ИМТга каттоонун жыйынтыгы боюнча арыз ээсине электрондук же кагаз түрүндөгү сертификат берилет, ал түзүлүштү декларациялоо үчүн көрсөтүлөт.
Импорттолуучу түзүлүштөр Кыргыз Республикасынын бажы органдарында декларацияланат жана Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген бажы төлөмдөрүн төлөө жүргүзүлөт.
- Түзүлүштөрдү Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө каттоо үчүн импорттоочу идентификациялоо операторунун порталында алгачкы каттоодон өтүүсү зарыл. Идентификациялоо оператору Порталда түзүлүштөрдү каттоо боюнча кызматтарды көрсөтүүгө ачык оферта келишимин жайгаштырууга милдеттүү.
- Сатуу жана/же башка ишкердик ишти жүргүзүү максатында өлкөгө түзүлүштөрдү ташып келүүчү юридикалык жана жеке жактар идентификациялоо операторуна алар ташып келүүчү түзүлүштөрдүн маркалары, моделдери, ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору, саны жана IMEI коддору жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен электрондук форматта түзүлүштөрдү каттоо жөнүндө арызды берет.
- Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн түзүлүштөрдү идентификациялоодо өндүрүүчү идентификациялоо операторуна алар тарабынан өндүрүлгөн түзүлүштөрдүн маркалары, ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору, моделдери, саны, IMEI коддору, өндүрүлгөн датасы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен электрондук формада толтурулган түзүлүштөрдү каттоо жөнүндө арызды берет.
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүү учурунда жаңы TAC пайдаланылганда, өндүрүүчү арызга TAC түзүлүштөрүнүн маркасы, модели жана TAC уячаларынын саны жөнүндө маалыматты берет.
- Кыргыз Республикасынын аймагына жеке колдонуудан сырткары, сатуу жана башка ишкердик ишти жүргүзүү максатында ташып келинген түзүлүштөрдү каттоо жөнүндө жеке же юридикалык жактын арызы идентификациялоо оператору тарабынан 7 (жети) жумуш күндүн ичинде каралат.
Идентификациялоо оператору арызды кароонун жыйынтыгы боюнча арыз ээсине төмөнкүдөй жоопту жиберет:
1) каттоо үчүн берилген документтерде сын-пикирлер жана кемчиликтер жок болгондо жана ИМТ маалыматтар базасында түзүлүштүн окшош идентификациялык коду жок болгондо каттоо жөнүндө. Арыз берүүчүгө идентификациялоо оператору тарабынан катталган түзүлүш жөнүндө электрондук же кагаз түрүндөгү сертификат берилет.
2) төмөнкү учурларда баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен ИМТ маалыматтар базасында түзүлүштү “Ак тизмеге” каттоодон баш тартуу жөнүндө:
– документтер ушул Тартиптин талаптарын бузуу менен берилсе;
– билдирилген идентификациялык коддор ИМТ маалыматтар базасында мурда катталса жана/же катталуучу түзүлүш клондолгон же өзгөртүлгөн идентификациялык кодду камтыса;
– берилген коддорго ылайык импорттолуучу түзүлүшкө кошумча нарк салыгын төлөгөндүгү жөнүндө бажы жана салык органдарынын ырастоосу жок болсо.
Түзүлүштүн идентификациялык кодун каттоодон баш тарткан, ошондой эле билдирилген идентификациялык код ИМТ маалыматтар базасында бар болгон учурларда идентификациялоо оператору билдирилген идентификациялык коддорду “Кара тизмеге” киргизет.
- Жеке максаттар үчүн өлкөгө алып келинген түзүлүштөрдү каттоого арыздар идентификациялоо оператору тарабынан 7 (жети) жумуш күндүн ичинде каралат.
Идентификациялоо оператору арызды кароонун жыйынтыгы боюнча арыз ээсине төмөнкүдөй жоопту жиберет:
1) каттоо үчүн берилген документтерде сын-пикирлер жана кемчиликтер жок болгондо жана идентификациялоо операторунун маалыматтар базасында түзүлүштүн окшош идентификациялык коду жок болгон учурда ийгиликтүү каттоо жөнүндө. Арыз берүүчүгө идентификациялоо оператору тарабынан катталган түзүлүш жөнүндө электрондук сертификат берилет.
2) төмөнкү учурларда баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен маалыматтар базасында түзүлүштүн идентификациялык кодун “Ак тизмеге” каттоодон баш тартуу жөнүндө:
– документтер ушул Тартиптин талаптарын бузуу менен берилсе;
– билдирилген идентификациялык коддор ИМТ маалыматтар базасында мурда катталса жана/же катталуучу түзүлүш клондолгон же өзгөртүлгөн идентификациялык кодду камтыса.
Түзүлүштүн идентификациялык кодун каттоодон баш тарткан, ошондой эле билдирилген идентификациялык код маалыматтар базасында мурда бар болгон учурларда идентификациялоо оператору билдирилген идентификациялык коддорду “Кара тизмеге” киргизет.
Эскертүү: жылына 2ден ашык түзүлүш ташылып келген учурда түзүлүштөрдү каттоо ушул Тартиптин 16-пунктуна ылайык жүргүзүлөт.
- Импорттоочу идентификациялоо операторуна товардын коштомо документтерин, импорттолуучу түзүлүштөр жөнүндө маалыматтарды камтыган таблицаны кошо берет. Таблицанын бир сабы төмөнкү маалыматтар менен түзүлүштүн бир моделин камтууга тийиш:
- түзүлүштүн аталышы жана түзүлүштүн модели;
- түзүлүштүн моделине шайкеш келген IMEI коддорунун тизмеси;
- түзүлүштүн ички маалымат сактагычы (ГБ);
- түзүлүштүн саны;
- бир даананын баасы;
- жыйынтык баасы;
- келип чыгуу сертификаты.
- Импорттоочу бажы транзити учурунда транзиттик декларацияны берүүнүн алдында идентификациялоо операторунан алдын ала каттоодон өтүүгө жана ушул Тартиптин 18-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматты берүүгө тийиш.
Идентификациялоо оператору IMEI коддордун тизмесин текшерет. Эгерде алардын бири кайсы болбосун оператордун тармактарында колдонулуп жатса, түзүлүштөрдү экспорттоо процесси токтотулат.
- Идентификациялоо оператору бажы органдарына GSMA маалыматтарына негизделген өндүрүүчү-заводдун расмий баасын берет.
Эгерде түзүлүштүн инвойсунда/эсеп-фактурасында көрсөтүлгөн баа өндүрүүчү-заводдун баасынан төмөн болсо, анда түзүлүш каттоого жатпайт. Талаптарга жооп берген башка түзүлүштөр катталууга тийиш.
- Эгерде бажы органында төлөнгөн бажы/салык алымдары, жыйымдары автоматтык түрдө эсептелген бажы/салык алымдарынан төмөн болсо, бажы декларациясы/эсеп-фактура идентификациялоо тутуму тарабынан четке кагылат.
- Идентификациялоо оператору импорттоочу тарабынан берилген IMEI коддордун тизмесин алдын ала текшере алат.
Идентификациялоо оператору импорттоочулар үчүн ырастоо жөнүндө электондук кат берет, анда түзүлүштөр жөнүндө маалымат камтылат. Бул документ GSMA тарабынан жактырылбаган IMEI коддорду да камтыйт.
6-глава. ИМТ маалыматтар базасында түзүлүштөрдү идентификациялоо процессинде IMEI коддордун тизмесин түзүү
- Түзүлүштөрдүн IMEI коддорун каттоону талдоо IMEI коддору тийиштүү маалыматтар базасына, атап айтканда “Ак тизмеге”, “Боз тизмеге” жана “Кара тизмемеге” киргизүүнү түшүндүрөт.
IMEI коддордун ИМТ маалыматтар базасынын тиешелүү тизмесинде болуу мөөнөтү, ошондой эле IMEI коддорду бир тизмеден экинчи тизмеге которуу улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталат.
24. Электр байланыш операторлору “Кара тизмеге” киргизилген түзүлүштөргө өз тармактарын пайдаланууга уруксат берүүгө укугу жок.
25. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ИМТ аркылуу “Боз тизмени” IMEI коддору “Кара тизмеге” же “Ак тизмеге” киргизиле элек түзүлүштөрдү аныктоо предметин талдайт. “Боз тизмеге” IMEI коддору “Ак тизмеде” же “Кара тизмеде” болбогон түзүлүштөр киргизилүүгө тийиш.
Талдоо электр байланыш операторунун тармагында биринчи активдүүлүктүн пайда болушу боюнча жүргүзүлөт. ИМТда катталбаган түзүлүштүн IMEI коду аныкталганда абонентке түзүлүштү ИМТда каттоодон өткөрүү зарылдыгы жөнүндө SMS-билдирүү аркылуу биринчи активдүүлүк учурунан тартып 30 календардык күндүн ичинде билдирилет. Түзүлүш катталбаган учурда электр байланыш операторунун тармагынын кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүү токтотулат.
26. IMEI коддору “Кара тизмеге” киргизилген түзүлүштөрдүн иштеши электр байланыш операторунун тармагында токтоосуз, бирок көрсөтүлгөн IMEI коддору “Кара тизмеге” киргизилгенден тартып 4 (төрт) сааттан кечиктирбестен чектелүүгө тийиш.
“Түзүлүштүн иштөөсүн чектөө” деп IMEI коду “Кара тизмеге” киргизилген түзүлүштүн жардамы менен электр байланыш операторунун тармагынын кандайдыр бир кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу мүмкүн эместигин билдирет.
27. Түзүлүш жоголгон же уурдалган факты боюнча адамдар ички иштер органдарына кайрылганда, ошондой эле ички иштер органдары тарабынан түзүлүш табылганда байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мындай арыз келип түшкөндүгү жана түзүлүштүн IMEI кодун ИМТнын маалыматтар базасынын тиешелүү тизмесине киргизүү зарылдыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт.
7-глава. Өзгөртүлгөн идентификациялык маалыматтары менен ташып келинген түзүлүштөр
- Өзгөртүлгөн идентификациялык маалыматтары менен түзүлүштөр кайталанма IMEI-кодго ээ түзүлүштөр же IMEI-коду башка кодго өзгөртүлгөн, бирок ошол эле учурда түп нуска болуп саналбаган жана өндүрүүчү тарабынан дайындалбаган түзүлүштөр саналат.
Идентификациялык коддору клондолгон түзүлүштөр деп идентификациялык коддору идентификациялоо операторунун маалыматтар базасында камтылган жана түп нуска болуп саналбаган жана өндүрүүчү дайындалбаган идентификациялык коддорго толук шайкеш келген түзүлүштөр эсептелет.
- Идентификациялык маалыматтары өзгөртүлгөн түзүлүштөрдүн IMEI кодун аныктоо үчүн идентификациялоо оператору байланыш операторунун тармактарында активдештирилген IMEI коддорго талдоо жүргүзөт. Өзгөртүлгөн идентификациялык маалыматтар табылганда, идентификациялоо оператору абоненттин колдонгон номерин орнотот жана ИМТ маалыматтар базасына
24 сааттын ичинде тийиштүү маалыматты киргизет. - Эки же андан ашык бирдей IMEI коддор аныкталган учурда, ээсинде анын мыйзамдуу келип чыгышын ырастаган документтери бар түзүлүш негизги болуп саналат.
8-глава. ИМТда маалыматтарды түзүүдө идентификациялоо операторлоруна жана электр байланыш операторлоруна карата талаптар
- Электр байланыш операторлору ИМТ менен байланыш түйүндөрүн интеграциялоону камсыз кылууга жана байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабына ылайык алардын маалыматтар базасында катталган түзүлүштөрдү пайдалануучулардын IMEI коддору жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү.
32. Идентификациялоо оператору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өзүнүн идентификациялоо тутумун түзүүгө жана анын ИМТ маалыматтар базасы менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга;
2) юридикалык жана жеке жактар менен күнү-түнү иштөөчү колл-борборду түзүүгө;
3) GSMA маалыматтарына негизделген, ошондой эле ИМТ маалыматтар базасын бажы, салык органдары, ички иштер органдары жана электр байланыш операторлорун интеграциялоо үчүн аппараттык-программалык комплекске ээ болгон маалыматтарды иштеп чыгуунун өтмө автоматташтырылган тутуму болгон түзүлүштөрдүн IMEI-коддорун каттоо үчүн завод-өндүрүүчүнүн баасын аныктоого мүмкүндүк берүүчү тутумга ээ болууга;
4) ИМТ маалыматтар базасында маалыматтарды түзүү үчүн түзүлүштөрдү, программалык камсыздоону, хостингди, веб-контентти түзүүнү камтыган тутумдарды иштеп чыгууга жана жайылтууга;
5) EIR тутумун өз каражаттарынын эсебинен сатып алууну жана орнотууну камсыздоого;
6) тийиштүү техникалык инфратүзүмдүн жана тутумдун ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жана уруксатсыз түзүлүштөрдү байланыш тармактарынан ажыратууда алардын эч кандай кечиктирилбестен андан ары иштеши үчүн EIR тутумунун жана ИМТ маалыматтар базасынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга;
7) идентификациялоо тутумунун ишинин үзгүлтүксүздүгүн жана бүтүндүгүн камсыз кылуучу идентификациялоо операторунун тармагынын каалаган элементтеринин кандайдыр бир кемчиликтери же бузулгандыгы табылган же пайда болгон учурда оператор бул жөнүндө байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз билдирүүгө милдеттүү. ИМТ маалыматтар базасын түзүүгө тоскоол болгон бардык бузулуулар жана кемчиликтер 24 сааттын ичинде оңдолууга тийиш. Эгерде көйгөйдү чечүү 24 сааттан ашык убакытты талап кылса, оператор мөөнөтүн узартуу үчүн байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө кайрылат.
9-глава. Түзүлүштөрдү идентификациялоо процессинде алынган маалыматтын купуялуулугу
- Түзүлүштөрдү идентификациялоо процессинде идентификациялоо оператору алган ар кандай маалыматты кылмыш-жаза мыйзамдарында жана изин суутпай издөө иши жөнүндө мыйзамдарда аныкталган учурларды кошпогондо, жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы мыйзамдардын талаптарына карама-каршы келген кандайдыр бир максаттарда көчүрүүгө, жарыялоого, кайра сактоого, өткөрүп берүүгө жана/же пайдаланууга болбойт.
- Идентификациялоо операторунун идентификациялоо тутумунун пайдалануучуларынын маалыматтарынын киберкоопсуздугуна жана коргоо боюнча техникалык талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
10-глава. Өтмө жоболор
35. Түзүлүштөрдү сатуу боюнча ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жеке жана/же юридикалык жактар ИМТ ишке киргизилген учурдан тартып алты айдын ичинде ишке ашырылууга тийиш болгон ИМТ түзүлүштөрүн каттоо жол-жобосунан өткөрүүгө милдеттүү.
Идентификациялоо оператору алты айдын ичинде мындай түзүлүштөрдү каттону акысыз негизде жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров