Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 140 “Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, ошондой эле аталган Макулдашуунун 7-тиркемесинин 10-бөлүмүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 17-мартындагы № 140 “Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу белгиленген айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмегинде:
– 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу белгиленген айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмеги төмөнкүдөй мазмундагы
6 жана 7-пункттар менен толукталсын:
“
6. | Кумшекер | 170199100 |
7. | Чийки камыш канты | 170113, 170114 |
”.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
– алдын ала, бирок кирген датага чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жоболор киргизилгендиги жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын;
– бул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жоболор киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров