КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 340 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 157 “Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңештин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 157 “Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин он сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары (*);”;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациалык кеңеш жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев