Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1..Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
–.2-пунктундагы «596», «218», «331», «122» жана «78» деген цифралар тиешелүү түрдө «569», «206», «316», «118» жана «74» деген цифралар менен алмаштырылсын;
– 17-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2).жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
«
10 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик | 57 | 14 |
анын ичинде: | |||
борбордук аппараты | 42 | 10 | |
ведомстволук бөлүмдөрү | 15 | 4 |
»;
3).жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинин 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
17 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик | 2 |
». |
2..Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3..Бул токтомду ишке ашыруу бекитилген штаттык сандын жана мамлекеттик органдар үчүн республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылары белгиленсин.
4..Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 29-декабрындагы № 355 «Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги «KADI» мамлекеттик мекемесинин маселелери тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6..Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров