КР Министрлер Кабинетинин 20.05.22 ж. №280 токтому

Кыргыз Республикасынын ички аудит системасын өркүндөтүү жөнүндө

Мамлекеттик мекемелерде ички аудиттин иштешинин натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн финансылык контролду күчөтүү жана мамлекеттик активдердин сакталышын камсыздоо максатында, “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
 12-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Ички аудит кызматынын болушу милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн базасында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы (мындан ары – Кызмат) түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

  1. жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси бул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
  2.  жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2-тиркеменин
     2-пунктунун 1-пунктчасынын он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин 2021-жылдын 25-августундагы № 80-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы ички аудиттин стандарттарын;”.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253  “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

  1.  жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо: 
  2. 12-пунктунун 3-пунктчасынын он сегизинчи жана он тогузунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– Ички аудит стандарттарынын кызматы тарабынан этикалык стандарттардын жана ички аудит боюнча методологиянын сакталышына мониторинг жана баалоо жүргүзөт;

– ички аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу жана сертификаттоо үчүн курстарды уюштурат;”;

  1. жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин башкаруу схемасы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын: 

“Ички аудит кызматы”.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

  • 1-пунктунда:

«466» жана «215» деген цифралар тиешелүү түрдө «464», «213» деген цифралар менен алмаштырылсын;

1-пунктчасындагы «470», «215» деген цифралар тиешелүү түрдө «468», «213» деген цифралар менен алмаштырылсын;

2-пунктчасындагы «472», «215» деген цифралар тиешелүү түрдө «470», «213» деген цифралар менен алмаштырылсын;

3-пунктчасындагы «474», «215» деген цифралар тиешелүү түрдө «472», «213» деген цифралар менен алмаштырылсын;

4-пунктчасындагы «476», «215» деген цифралар тиешелүү түрдө «474», «213» деген цифралар менен алмаштырылсын;

5-пунктчасындагы «478», «215» деген цифралар тиешелүү түрдө «476», «213» деген цифралар менен алмаштырылсын;

6-пунктчасындагы «480», «215» деген цифралар тиешелүү түрдө «478», «213» деген цифралар менен алмаштырылсын;

7-пунктчасындагы «482», «215» деген цифралар тиешелүү түрдө «480», «213» деген цифралар менен алмаштырылсын;

8-пунктчасындагы «484», «215» деген цифралар тиешелүү түрдө «482», «213» деген цифралар менен алмаштырылсын;

9-пунктчасындагы «486», «215» деген цифралар тиешелүү түрдө «484», «213» деген цифралар менен алмаштырылсын;

10-пунктчасындагы «488», «215» деген цифралар тиешелүү түрдө «486», «213» деген цифралар менен алмаштырылсын;

11-пунктчасындагы «490», «215» деген цифралар тиешелүү түрдө «488», «213» деген цифралар менен алмаштырылсын;

12-пунктчасындагы «492», «215» деген цифралар тиешелүү түрдө «490», «213» деген цифралар менен алмаштырылсын;

  • 2-пунктундагы «596» жана «331» деген цифралар тиешелүү түрдө «592» жана  «327» деген цифралар менен алмаштырылсын;
  • 3-пунктундагы «4802», «237», «555» жана «4010» деген цифралар тиешелүү түрдө «4850», «233», «550» жана «4067» деген цифралар менен алмаштырылсын;
  • 4-пунктундагы:

«623», «95» деген цифралар тиешелүү түрдө «622», «94» деген цифралар менен алмаштырылсын, 

1-пунктчасындагы «663», «95» деген цифралар тиешелүү түрдө «662», «94» деген цифралар менен алмаштырылсын, 

2-пунктчасындагы «703», «95» деген цифралар тиешелүү түрдө «702», «94» деген цифралар менен алмаштырылсын;

  • 6-пунктундагы «7531», «100», «7258» деген цифралар тиешелүү түрдө «7528», «98», «7257» деген цифралар менен алмаштырылсын;
  • 7-пунктундагы «634», «70» деген цифралар тиешелүү түрдө «632», «68» деген цифралар менен алмаштырылсын;
  • 8-пунктундагы «366», «75» жана «291» деген цифралар тиешелүү түрдө «355», «71» жана «284» деген цифралар менен алмаштырылсын;
  • 9-пунктундагы «1564», «119» деген цифралар тиешелүү түрдө «1559», «114» деген цифралар менен алмаштырылсын;
  • 10-пунктундагы «365», «121» деген цифралар тиешелүү түрдө «363», «119» деген цифралар менен алмаштырылсын; 
  • 11-пунктундагы «414», «94» деген цифралар тиешелүү түрдө «410», «90» деген цифралар менен алмаштырылсын;
  • 12-пунктундагы «175», «52» деген цифралар тиешелүү түрдө «174», «51» деген цифралар менен алмаштырылсын;
  • 13-пунктундагы «1293», «127» деген цифралар тиешелүү түрдө «1291», «125» деген цифралар менен алмаштырылсын;
  • 14-пунктунда:

«1006», «126» деген цифралар тиешелүү түрдө «1005», «125» деген цифралар менен алмаштырылсын;

1-пунктчада «1021», «141» деген цифралар тиешелүү түрдө «1020», «140» деген цифралар менен алмаштырылсын;

  • 15-пунктундагы «179», «50» деген цифралар тиешелүү түрдө «178», «49» деген цифралар менен алмаштырылсын;
  • 20-пунктундагы «1189», «202» деген цифралар тиешелүү түрдө «1180» «193» деген цифралар менен алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 10 жана 11-пунктчалар менен толукталсын:

«10) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы жөнүндө жобо 10-тиркемеге ылайык;

11) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын башкаруу схемасы 11-тиркемеге ылайык.»;

2) бул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда жогоруда аталган токтомго 10 жана 11-тиркемелер менен толукталсын.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

  1. Кызматтын түзүмүн жана штаттык расписаниесин белгиленген штаттык сандын чегинде бекитсин;
  2. ички аудит кызматынын болушу милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин түзүмдүк бөлүмдөрүн күтүүгө чыгымдардын бекитилген сметасынын алкагында Кызматты түзүү менен байланышкан финансылык жана уюштуруу маселелерин чечсин. 

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                          А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу