Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана ишканаларынын ишин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунун 5-пунктчасында «жана жарандык абалдын актыларын» деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жободо:
– 10-пунктунун «ж» пунктчасында:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– кураторлук кылган тармакта мамлекеттик жана максаттуу программаларды аткаруу боюнча ведомстволук бөлүмдөрдүн жана ишканалардын ишин контролдойт жана мониторинг, баалоо жүргүзөт;»;
үчүнчү абзацында «жана мекемелердин» деген сөздөр алып салынсын;
он төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
он сегизинчи абзацында «автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды,» деген сөздөр алып салынсын;
– 14-пунктунда «биринчи орун басардын жана» деген сөздөр алып салынсын;
– 15-пунктунда:
биринчи абзацында «Министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары» деген сөздөр «орун басарлары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацында «Министрдин биринчи орун басарын жана» деген сөздөр алып салынсын;
– 16-пунктунда:
5-пунктчасында «министрдин биринчи орун басары жана» деген сөздөр алып салынсын;
7-пунктчасында «жана мекемелеринин» деген сөздөр алып салынсын;
8-пунктчасында «жана мекемелердин» деген сөздөр алып салынсын;
15 жана 16-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
17 жана 18-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«17) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Министрликтин ведомстволук ишканаларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу үчүн сунуштама киргизет жана алар менен эмгек келишимин түзөт;
18) Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот, өз каалоосуна ылайык Министрликтин ведомстволук ишканаларынын кызматкерлерин сыйлоого укуктуу;»;
22-пунктчасында «жана мекемелерине» деген сөздөр алып салынсын;
23 жана 24-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«23) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби белгиленбесе, Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана ишканаларынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
24) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Министрликке караштуу мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу же жоюу тууралуу сунуш киргизет;»;
төмөнкүдөй мазмундагы 25, 26, 27 жана 28-пунктчалар менен толукталсын:
«25)ведомстволук ишканалардын бюджетин жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде ведомстволук ишканалардын өткөн жылдагы бюджетин аткаруу тууралуу отчетторду бекитет;
26) үч жылдык мезгилге иштелип чыгуучу ведомстволук ишканаларды өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарын бекитет;
27) Министрликке караштуу мамлекеттик ишканалардын таза пайдасынын өлчөмүн бекитет;
28) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.»;
– 17-пунктунда «Министрдин биринчи орун басары, орун басарлары» деген сөздөр «орун басарлары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 18-пунктунда:
биринчи абзацында «министрдин биринчи орун басары,» деген сөздөр алып салынсын;
үчүнчү абзацында «- министрдин биринчи орун басары» деген сөздөр «орун басарлардын бири» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы жөнүндө жободо:
– 14-пунктунда «- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары» деген сөздөр алып салынсын;
5) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө жободо:
– 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15. Архив кызматында төраганын эки орун басарынын кызмат орду каралган, алар Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.»;
– 16-пунктунда «орун басарынын» деген сөздөр «орун басарларынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 17, 18 жана 19-пункттарында «аймактык бөлүмдөрүнүн» деген сөздөр «региондук башкармалыктарынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 20-пунктунда:
1 жана 3-пунктчаларында түрдүү жөндөмөлөрдөгү «аймактык» деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдө «региондук» деген сөз менен алмаштырылсын;
4 жана 5-пунктчаларында түрдүү жөндөмөлөрдөгү «аймактык бөлүмдөрү» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө «региондук башкармалыктары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 21-пунктунда «төраганын орун басары» деген сөздөр «төраганын орун басарларынын бири» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 22-пунктунда «аймактык бөлүмдөр» деген сөздөр «региондук башкармалыктар» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө жободо:
– аталышында жана 1-пунктунда «жана жарандык абалдын актыларын» деген сөздөр алып салынсын;
– 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Департаменттин толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти» мекемеси;
расмий тилде: Учреждение «Департамент регистрации населения при Министерстве цифрового развития Кыргызской Республики»;
кыскартылган фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: «ККД»;
расмий тилде: «ДРН».»;
– 10-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацында «аймактык бөлүмдөрдүн» деген сөздөр «региондор аралык бөлүмдөрдүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 18-пунктунда «аймактык бөлүмдөрүнүн» деген сөздөр «региондор аралык бөлүмдөрүнүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 19-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында түрдүү жөндөмөлөрдөгү «аймактык бөлүмдөрүнүн» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө «региондор аралык бөлүмдөрүнүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 21-пунктунда «аймактык бөлүмдөр» деген сөздөр «региондор аралык бөлүмдөр» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 25-пунктунда «аймактык бөлүмдөрүн» деген сөздөр «региондор аралык бөлүмдөрүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 2-пункту «жамааттык келишимди,» деген сөздөрдөн кийин «Ишкананын локалдуу актыларын,» деген сөздөр менен толукталсын;
– 13-пунктунун 1-пунктчасы «жамааттык келишимине» деген сөздөрдөн кийин «, локалдуу актыларына» деген сөздөр менен толукталсын;
– 20-пунктунун 13-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«13) келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетту, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетин аткаруу тууралуу отчетту Министрликке бекитүүгө киргизет;»;
– 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«26. Ишкананын кирешелер жана чыгашалар бюджети Министрлик тарабынан бекитилет.»;
– 30-пунктунда:
«3 жана андан ашык жылдарга каралган узак мөөнөттүү иш пландын негизинде» деген сөздөр «үч жылдык мезгилге иштелип чыгуучу Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын негизинде» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
«жамааттык келишиминин жоболорун» деген сөздөрдөн кийин «жана локалдуу актыларын» деген сөздөр менен толукталсын;
– 36-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«36. Ишкана жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө:
– келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун Министрликке бекитүүгө киргизет;
– финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетту, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетин аткаруу тууралуу отчетту Министрликке бекитүүгө киргизет.»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 361-пункт менен толукталсын:
«361. Министрлик келерки жылга Ишкананын бюджетин жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетин аткаруу тууралуу отчетту 20-мартка чейинки мөөнөттө бекитет.»;
– 37-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 411-пункт менен толукталсын:
«411. Ишкана жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары боюнча алынган таза пайданы төмөнкүлөргө багыттайт:
– Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууга;
– чарбалык-материалдык инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө, анын ичинде имараттарды, жайларды курууга жана капиталдык оңдоого, сервердик аппараттык-программалык комплекстерди, заманбап программалык камсыздоону сатып алууга.».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
– эскертүүнүн 2-пунктунун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 «Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда а токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жободо:
– 6-пунктунун экинчи абзацында «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамында:
– биринчи абзацында «биринчи орун басары» деген сөздөр «орун басары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– сегизинчи абзацында «Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун» деген сөздөр «Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын төрагасынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– тогузунчу абзацында «Мамлекеттик байланыш агенттигинин» деген сөздөр «Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров