Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоону жөнгө салуу максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 56-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө” токтому менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 25-главасы күчүн жоготту деп таанылсын.
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2019-жылга жана кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүдө билим берүү ишин лицензиялоону каржылоо үчүн 19 661,0 (он тогуз миллион алты жүз алтымыш бир миң) сом өлчөмүндө акча каражатын карасын.
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги алты айлык мөөнөттө:
1) өз чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2020-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев