Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтому

Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө  жобону бекитүү тууралуу


“Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 10-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.   Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.   Кыргыз Республикасынын министрликтери, администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомдон келип  чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын
 6-майындагы № 177 “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:

“22.     Ушул Жобонун ченемдери “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз   Республикасынын Мыйзамында белгиленген жерге мунапыс колдонулуучу объекттерге жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менчик укуктарын бекиткенде, жер участокторуна колдонулбайт.”.

4.   Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1)   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 “Жеке турак үйлөр курулуп калган сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу” токтому;

2)   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө” токтомунун 18-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 172 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;

4)   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 7 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.

5.   Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6.   Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.



Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы


            А.У. Жапаров