КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 326 токтому

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Механизациялаштырылган көчмө колонна” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Жазаларды аткаруу департаментинин “Механизациялаштырылган көчмө колоннасы” мамлекеттик ишканасы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы “Механизациялаштырылган көчмө колонна” мамлекеттик ишканасы болуп кайра аталсын.
  2. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы “Механизациялаштырылган көчмө колонна” мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:

“Механизациялаштырылган көчмө колонна” мамлекеттик ишканасы”.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- Ишкананы юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                            М.Д.Абылгазиев