КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 345 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-августундагы № 584 “Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан администратор дайындоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Банкроттук процессиндеги системалуу коррупция тобокелдиктерин жоюу жана Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү максатында, “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-августундагы № 584 “Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан администратор дайындоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан администраторду дайындоо тартиби жөнүндө жободо:

-         9-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

-         10-пунктунда “өз каалоосу боюнча” деген сөздөр алып салынсын;

-         төмөнкүдөй редакциядагы 111-пункт менен толукталсын:

“111. Конкурстук тандоо мамлекеттик орган түзгөн конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Администратор кызмат ордуна конкурстук негизде талапкерлерди тандоо процессин камсыздоо конкурстук комиссиянын милдети болуп саналат.

Конкурстук комиссия беш адамдан турат. Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары конкурстук комиссиянын төрагасы болуп саналат.

Конкурс өткөрүү жөнүндө жарыя мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыяланат. Конкурс өткөрүү жөнүндө жарыя үч жумуш күндөн кем эмес мөөнөттө жарыяланат.

Администратор кызмат ордуна талапкерлер мамлекеттик органга ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн арызды (өтүнүчтү) берген күндөн тартып үч күндүн ичинде конкурстук комиссияга төмөнкүдөй маалыматтарды берүүгө тийиш:

-   жогорку билиминин бар экендигин ырастаган документтин көчүрмөсүн;

-  администратор катары иш стажын ырастаган документтин көчүрмөсүн (мүмкүн болушунча);

-  мурунку объекттерде администратор катары ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматты (мүмкүн болушунча).

Конкурс эки этапта жүргүзүлөт:

1)  квалификациялык тандоо, документтердин ушул Жобонун талаптарына шайкештигин текшерүү;

2)   конкурстук комиссия менен маектешүү.

Конкурстук комиссиянын чечими жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат, тиешелүү протокол менен таризделет, ага конкурстук комиссиянын төрагасы кол коёт. Добуштар тең болгон учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болот.

Эгерде конкурстук комиссиянын жыйналышына конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын жарымынан көбү катышса, ал укуктуу болот.  Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүндө өзгөчө пикир бар болсо, ал протоколго киргизилет.”;

- 14-пунктунда:

“белгиленген тартипте сотко” деген сөздөр “белгиленгендей соттук тартипте” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй редакциядагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Даттануу процессинде администратор карызкордун активдерин сатууга укугу жок.”;

-  18-пунктунун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 20-пунктунда “өзү каалаган” деген сөздөр “конкурстук негизде” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 24-пунктунда “белгиленген тартипте сотко” деген сөздөр “белгиленгендей соттук тартипте” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-  25-пунктунда:

5-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы 61-6-пунктчалар менен толукталсын:

“61) дайынсыз жоголгон деп таанылган учурда;

62) каза болгон учурда.”;

- 28-пунктунда “сотко” деген сөздөр “соттук тартипте” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                             М.Д. Абылгазиев 

Тиркемелер

Басып чыгаруу