Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 2-мартындагы № 1 токтомун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн
2022-жылдын 18-мартындагы № НА 02-06-167 корутундусун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл аймагында жайгашкан “Гранд Рилайз” жоопкерчилиги чектелген коомунун жеке менчигинде турган № 410 контурдагы 1,8 га сугат айдоо жери өнөр жай объекти – автомобиль газ толтуруучу компрессордук станцияны (АГТКС) куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун (трансформациялансын).
- Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Чүй районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
– жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
– ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү;
– ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюуну.
- Бул токтомду ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик жана ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерди максаттуу пайдаланууну контролдоо Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрине жүктөлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров