Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 токтому

Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешин түзүү жөнүндө

Инвестициялык климатты жакшыртуу, Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле өнүктүрүү институттарын мамлекеттик колдоо чараларын жана ресурстарын консолидациялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңеши (мындан ары – Координациялык кеңеш)
 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Координациялык кеңешке көмөк көрсөтсүн, ошондой эле анын суроо-талабы боюнча зарыл болгон документтерди, маалыматтарды белгиленген тартипте берсин. 

4. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына (макулдашуу боюнча) стратегиялык инвестициялык долбоорлорду колдоо маселелери боюнча Координациялык кеңеш менен өз ара аракеттенүү сунушталсын. 

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн. 

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Тиркеме 2.docx

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                А.У. Жапаров




                                                                          


Тиркемелер

Басып чыгаруу