КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-июлундагы № 342 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын   30-майындагы № 302 “Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө” токтомуна  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 “Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуласындагы “стандарттарынын” жана 2-пунктунун төртүнчү абзацындагы “стандарттарын” деген сөздөр тиешелүү түрдө “ченемдеринин” жана “ченемдерин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-     6-пунктта:

сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

тогузунчу абзацындагы “стандарттарынын шкаласы” деген сөздөр “типтүү ченемдерин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

1)   жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүү жана аткаруу тартибинде:

- 9-пунктунун экинчи абзацындагы “стандарттарынын шкаласына” деген сөздөр “типтүү ченемге” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “стандарт” деген сөз тиешелүү жөндөмөдө  “ченем” деген сөз менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо стандарттарын аныктоо методикасында:

- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “стандарт” деген сөз тиешелүү жөндөмөдө “ченем” деген сөз менен алмаштырылсын;

- 28-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-июлундагы № 554 “Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүсүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча” деген сөздөр алып салынсын;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2013-жылдын шарттарында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо стандарттарынын шкаласы (коммуналдык чыгымдарсыз) күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр                                                                М.Д. Абылгазиев 

Тиркемелер

Басып чыгаруу