Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик жер пайдалануучулардын жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү процесстерин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
9-октябрындагы № 535 “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:
– 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Мамлекеттик менчикте турган жер участоктору жеке жана юридикалык жактарга ушул Жобонун 559-пунктуна ылайык түз берүү жолу менен берилет.”;
– 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Мамлекеттик менчикте турган жер участоктору ижара келишиминин шарттарында төмөнкү мөөнөткө чейин берилиши мүмкүн:
а) мамлекеттик жер пайдалануучулардын колдонуусунда турган жер участоктору – үч жылга;
– жеңилдетилген типтеги объекттерди орнотуу үчүн;
– капиталдык курулуштар менен байланышпаган башка максаттар үчүн;
– жеке менчикте турган темир жолдун курулмалары үчүн;
б) энергиянын кайра жаралуучу булактарын (мындан ары – ЭКБ) пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн мамлекеттик жер пайдалануучулардын колдонуусунда турган жер участоктору – беш жылга;
в) темир жол тармагын өнүктүрүүгө багытталган имараттарды, курулмаларды долбоорлоо, куруу жана аларды эксплуатациялоо үчүн мамлекеттик жер пайдалануучулардын колдонуусунда турган жер участоктору – он беш жылга;
г) кырк тогуз жылга:
– үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болгон жер участоктору;
– мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында, анын ичинде капиталдык курулуш үчүн берилүүчү жер участоктору;
– эркин экономикалык зоналардын жер участоктору.”;
– 10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
“ижарага түз берүү – ушул Жободо каралган учурларда жана тартипте жүргүзүлүүчү мамлекеттик менчикте турган жер участогуна тоорук өткөрбөстөн укук берүү ыкмасы.”;
– 11-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3) ижара келишимине ылайык шаар куруу документтерине ылайык жеңилдетилген типтеги объекттерди орнотуу жана эксплуатациялоо үчүн;”;
– 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
“Мамлекеттик жер пайдалануучунун жер участогунун бөлүгүн үч жылга чейинки мөөнөткө, ушул бөлүгүн өз алдынча жер участогуна бөлүп бербестен, убактылуу пайдаланууга берүүгө уруксат берилет:
– жеңилдетилген типтеги объекттерди орнотуу үчүн;
– капиталдык курулуштар менен байланышпаган башка максаттар үчүн;
– жеке менчикте турган темир жолдун курулмалары үчүн.”;
– 20-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 51-пунктунда “50 жылга чейинки” деген сөздөр “49 жылга чейинки” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 43-глава менен толукталсын:
“43. Мамлекеттик жер пайдалануучуларга жер участокторун түз берүү
559. Мамлекеттик жер пайдалануучунун жер участогуна үч жылга чейинки мөөнөткө ижара келишимин түзүү түз берүү жолу менен жүзөгө ашырылат:
а) мамлекеттик жер пайдалануучу – соода рыногунун (соода ишканасы) дирекциясы, анын карамагында соода ишин жүргүзүү үчүн жер участоктогу турат;
б) мамлекеттик жер пайдалануучу жеке менчикте турган, темир жолдун курулмалары үчүн бөлүнүп берилген тилкенин бөлүгүн берүүдө.
5510. Ушул Жобонун 5511-пунктунда каралган учурлардан тышкары, ушул главага ылайык берилген жер участогун пайдаланууга ижара төлөмүнүн өлчөмү, төлөөнүн тартиби жана шарты мамлекеттик жер пайдалануучу тарабынан аныкталат.
5511. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин
32-статьясынын 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик жер пайдалануучунун колдонуусунда турган жер участогун уставдык капиталында контролдук мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбалык коомго, анын туунду чарбалык коомуна 49 жылга чейинки мөөнөткө акысыз пайдаланууга берүүгө укуктуу.
5512. Ушул Жобого ылайык түз берүү жана/же мындай ижара келишимин узартуу жөнүндө кошумча макулдашуу жолу менен түзүлгөн ижара келишиминин мөөнөтү өткөндөн кийин ушул Жобонун 5511-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жер участогун берген учулардан тышкары, ижарага берүүчү мурунку ижарачынын ижара келишиминдеги ижара төлөмүнөн жогору ижара төлөмү белгиленген учурда башка ижара алуучуга ижарага түз берүү жолу менен ижара келишимин түзүүгө укуктуу.
5513. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечими менен мамлекеттик жер пайдалануучунун колдонуусунда турган жер участогун бир миллиард сомдон ашык салуу менен социалдык-маданий багыттагы объекттерди куруу үчүн 49 жылга чейин мөөнөткө ижарага берүүгө укуктуу.”;
– 94-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Курорттук-рекреациялык тармактын мамлекеттик жер пайдалануучуларына бир жылдан ашык мөөнөткө жеңилдетилген типтеги объекттерди орнотуу үчүн берилген жер участокторуна
ижара акы пайдаланылган мезгилге гана жыл ичинде киргизилет. Мындай жер участоктору боюнча мүлккө салыктын суммасы сезондуу пайдаланууну эске алуу менен ижара келишиминде белгиленет.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров