КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 329 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 “Кыргыз Республикасында Бажы союзунун техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 “Кыргыз Республикасында Бажы союзунун техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

   1) аталышы “Бажы союзунун” деген сөздөрдөн кийин “/Евразия экономикалык союзунун” деген сөздөр менен толукталсын;

2)    жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

“Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” (БС ТР 018/2011)” 6-главасынын 3-пунктунун 2-пунктчасынын “Жооптуу аткаруучулар” графасы “Экотехинспекция” аббревиатурасынан кийин  “, ИИМ” аббревиатурасы менен толукталсын;

- бардык текст боюнча “(саясат жагында)” деген сөздөр алып салынсын;

-  ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакциядагы  37 - 45 - главалар менен толукталсын;

3)    жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:

-  1, 3, 8, 9, 12, 13, 14 жана 19-главалары күчүн жоготту деп таанылсын;

- бардык текст боюнча “(саясат жагында)” деген сөздөр алып салынсын;

-   ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 20 жана 21-главалар менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр                                                    М.Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу