КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 338 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Пенсиялык топтолгон каражаттарды төлөп берүүнү башкаруу жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогорудагы токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежесинде:

- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «26. Бир жолку төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органы тарабынан пенсиялык топтоо каражаттарын алуучунун банктагы эсебине которуу аркылуу ишке ашырылат.

Мөөнөттүү (белгилүү бир мезгилдин ичиндеги) пенсиялык төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органы тарабынан пенсиялык топтоо каражаттарын алуучунун банктагы эсебине которуу же почта бөлүмү аркылуу ведомость боюнча же пенсия төлөө тапшырмасы боюнча которуу жолу менен жүргүзүлөт.

Төлөм тийиштүү чечим кабыл алынган айдан кийинки айдан кечиктирилбей жүргүзүлөт.»;

- 30-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«30. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жекече эсепке алуу башкармалыгы пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө боюнча ар айлык чыгымдарды салыштыруу үчүн жеке камсыздандыруу эсептеринде чагылдырылган, өткөн айга төлөнгөн пенсиялык топтоонун суммалары жөнүндө маалыматты ай сайын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун мекемесине берет.»;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежесине 1-тиркеменин 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2.1. Пенсиялык топтолгон каражаттардын бир жолку төлөмүн төмөнкү маалымдарек боюнча банк эсебине которуу жолу менен төлөп берүүнү өтүнөм:

___________________________________________________________

(банктын аталышы, банк эсебинин номери,

___________________________________________________________

өздүк эсебинин номери, банктын маалым дареги)

2.2. Мөөнөттүү пенсиялык төлөмдөрдү которуу жолу менен төлөп бериңиздер (керектүү вариантты белгилеңиз жана толтуруңуз):».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                         М.Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу