2022–2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин андан ары практикалык киргизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– 2022–2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасы (мындан ары – Программа) 1-тиркемеге ылайык;
– Программанын иш-чаралар планы (мындан ары – План) 2-тиркемеге ылайык;
– Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун матрицасы (мындан ары – Матрица) 3-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):
– Планды өз убагында ишке ашырууну жана Программанын индикаторлорун аткарууну камсыз кылсын;
– ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 20-январдан жана 20-июлдан кечиктирбестен Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 20-февралдан жана 20-августтан кечиктирбестен Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын башчыларынын (макулдашуу боюнча) Программаны сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруу үчүн жеке жоопкерчиликтери белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров