Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 206 «2018-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарынын «Ош базары» соода-базар комплексинин жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 5-мартында Бишкек шаарындагы «Ош базары» соода-базар комплексинин аймагында болгон өрттүн кесепетинен жабыр тарткан ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 206 «2018-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарынын «Ош базары» соода-базар комплексинин жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2018-жылдын 5-мартында жана 13-апрелинде Бишкек шаарынын «Ош базары» соода-базар комплексинин жана 2018-жылдын 13-апрелинде Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө»;
- преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2018-жылдын 5-мартында жана 13-апрелинде Бишкек шаарынын «Ош базары» соода-базар комплексинин жана 2018-жылдын 13-апрелинде Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:»;
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2018-жылдын 5-мартында жана 13-апрелинде Бишкек шаарынын «Ош базары» соода-базар комплексинин жана 2018-жылдын 13-апрелинде Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.»;
- 3-пунктунун биринчи абзацындагы «16-майына» деген сөздөр «10-июнуна» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
« - 2018-жылдын 5-мартында жана 13-апрелинде Бишкек шаарынын «Ош базары» соода-базар комплексинин жана 2018-жылдын 13-апрелинде Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттеринин тизмесин бекитсин.»;
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2018-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарынын «Ош базары» соода-базар комплексинин жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча комиссиянын курамындагы:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2018-жылдын 5-мартында жана 13-апрелинде Бишкек шаарынын «Ош базары» соода-базар комплексинин жана 2018-жылдын 13-апрелинде Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча комиссиянын курамы»;
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары;»;
- онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);»;
- он биринчи абзацындагы «орун басары» деген сөздөр «биринчи орун басары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2018-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарынын «Ош базары» соода-базар комплексинин жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча комиссиянын иш тартиби жөнүндө жободо:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2018-жылдын 5-мартында жана 13-апрелинде Бишкек шаарынын «Ош базары» соода-базар комплексинин жана 2018-жылдын 13-апрелинде Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча комиссиянын иш тартиби жөнүндө жобо»;
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. 2018-жылдын 5-мартында жана 13-апрелинде Бишкек шаарынын «Ош базары» соода-базар комплексинин жана 2018-жылдын 13-апрелинде Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн.»;
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Комиссия Кыргыз Республикасынын ишкер субъекти 2018-жылдын 5-мартында жана 13-апрелинде Бишкек шаарынын «Ош базары» соода-базар комплексинин жана 2018-жылдын 13-апрелинде Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен зыян тарткандыгын ырастоо жана зыяндын өлчөмүн көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ишкердик субъектин зыян тарткандардын тизмесине киргизүү жөнүндө чечим чыгарат.».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |