Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 158 «Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жана авиациялык каттамды өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаменти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги болуп кайра уюштурулсун.
- Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы
2-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы болуп кайра аталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 1-июлундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктунун экинчи, алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жободо:
– 1-пунктундагы «аба,» деген сөз алып салынсын;
– 5-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын авиациялык бийлигинин администрациясы жана» деген сөздөр алып салынсын;
– 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11. Министрликтин ишинин негизги максаты болуп жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль, темир жол, суу транспорту менен ташуу боюнча транспорттук кызмат көрсөтүүлөр рыногун (аба транспорту чөйрөсүн кошпогондо) өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо жана жол-транспорт комплексин өнүктүрүү саналат.»;
– 12-пунктунда:
бешинчи абзацындагы «транспорт каражаттарынын бардык түрлөрү» деген сөздөр «автомобиль, темир жол жана суу транспорту» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жетинчи абзацындагы «жана аба трассаларынын» деген сөздөр алып салынсын;
− 13-пунктунда:
1-пунктчасынын кырк төртүнчү абзацындагы «, аба» деген сөз алып салынсын;
2-пунктчасынын алтынчы абзацы, 4-пунктчасынын алтынчы абзацы, 6-пунктчасынын сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
− 14-пунктунун элүү төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2020-жылдын 1-декабрындагы № 585 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана 1-пунктундагы «Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу» деген сөздөр «Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын уставында:
– аталышындагы жана 1-пунктундагы «Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу» деген сөздөр «Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 4, 5-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамлекеттик агенттик) эсептелет.
5. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы бар:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы»;
– расмий тилде: «Государственное предприятие «Кыргызаэронавигация» при Государственном агентстве гражданской авиации при Кабинете Министров Кыргызской Республики».
Кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргызаэронавигация» МИ;
– расмий тилде: ГП «Кыргызаэронавигация».»;
– 16, 17, 20, 21, 22, 24, 26, 27, 28, 39, 51-пункттарындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү «Министрлик» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Мамлекеттик агенттик» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 4-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Мамлекеттик агенттиктин компетенциясы».
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
12-апрелиндеги № 203 «И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту» жогорку авиациялык окуу жайынын уставын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту» жогорку авиациялык окуу жайынын уставында:
– 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Авиаинституттун ишине жалпы жетектөөнү жана координациялоону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамлекеттик агенттик) жүзөгө ашырат. Авиаинститут Мамлекеттик агенттиктин түзүмүнө кирет.»;
– 30, 98-пункттарындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү «Министрлик» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Мамлекеттик агенттик» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
– 4-пунктунун экинчи, үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 34-пункт менен толукталсын:
«34. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине бекитүү боюнча:
– Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин, Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) Стандарттары жана Сунуш кылынган практикасы менен максималдуу бирдейликти камсыз кылуу үчүн аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду;
– Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын ишин жөнгө салуучу жоболорду жана колдонмолорду, ошондой эле аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү.».
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин кызматкерлерине эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментине эмгек акы төлөөнүн колдонуудагы белгиленген шарттары боюнча жүргүзүлөт деп белгиленсин.
9. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 10 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 499 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарандык авиация чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-августундагы № 408 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 10 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» токтомунун 4-пунктунун 30-пунктчасы;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 « Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун 4-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө» токтомунун 2-пунктунун үчүнчү абзацы.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров