КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июлундагы № 321 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 35, 37 жана 48-мекемелерин (жатак-абактарын) жоюу жөнүндө

 “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төмөнкү мекемелери (жатак-абактары) жоюлсун:

- Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 281а дареги боюнча жайгашкан № 35 мекеме (№ 35 жатак-абак);

- Чүй облусу, Сокулук району, Ново-Павловка айылы, Деповская көчөсү, 78 дареги боюнча жайгашкан № 37 мекеме (№ 37 жатак-абак);

- Чүй облусу, Аламүдүн району, Молдовановка айылы дареги боюнча жайгашкан № 48 мекеме (№ 48 жатак-абак).

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:

- түзөтүү мекемелеринин персоналын ишке орноштуруу жана Кыргыз Республикасынын эмгек жана финансы тармагындагы мыйзамдарына ылайык финансы-материалдык баалуулуктарды өткөрүп берүүнү камсыздоо менен байланышкан маселелерди чечсин;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мекемелерди жоюу менен байланышкан тийиштүү иш-чараларды белгиленген тартипте жүргүзсүн жана жоюу комиссиясын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу